Карабай турса да: эркектин көзүнчө кылбачу 6 нерсе

Биз, урматтуу айымдар, өзүбүздү бош сезүүнү жактырабыз! Күйөө менен канчалык көп жашасак, ошончолук ортобузда сырлар азаят. Эгер шиштака кийгенден баш тартууң мамилеге эч кандай деле таасир бербесе, чачты саксайтып, же 3 саат телефон менен сүйлөшсөк – чоң эле таасир берет.

Биз, эркектин алдында кылбачу 6 нерсени чогулттук. Окуп эстеп алыңыз.

 

 

1. Безгек жана кара тактар

Колуңузду 8:00дөн 20:00гө чейин бетиңизге тийгизбегениңиз туура. Саат сайын эле колуңузду жууй бербесеңиз керек.

Күзгүнүн алдына келип, эмнегедир беттин точкаларын карап, безгек болсо сыгып, кызыл ала кан кылып баштайсызбы? Макул, муну өзүңүз байкабай деле каласыз. Бирок, ошондой кылып жатканда күйөөңүздүн кебетеси кандай өзгөргөнүн байкайсызбы?

Өз иштериңиз менен дааратканада, эшикти жаап алып алектениңиз. Күйөөңүз келээрден 3 саат мурун кылсаңыз жакшы болот – анча убакта кызарган кан тактар кетип да жетишет. Эң жакшысы – косметологго жазылыңыз!

2. Тиш жуу

Ишенбейсиз, бирок сүйүктүүлөр чогуу туруп алып тиштерин жуушу – кинолордо эле кезигишет. Реалдык жашоодо, оозу көбүктөнгөн аял – күчтүү анти-виагра.

Эгер таңкы өбүшүүнү кааласаңыз, күйөөңүз уктап жатканда ваннага барып келиңиз. Мындай учурда тазалык процесстен жогору болот.

 
3. Үйдөгү спа

Аялдардын өзгөчө тиби бар, ишемби же жекшемби күндөрүн өзүнө жумшаган. Бирок алар салонго барбай, баарын өздөрү кылганды жакшы көрүшөт, чачын боёгонду жана бетине маска койгонду. Күйөөңүзгө, башыңызда ороп жүргөн пакет жагат дейсизби? Же бетиңизди жаап ырайды бузган субстанция? Ишенсеңиз, мындай картина эркектин эсинде көпкө калат.

Күйөөңүз үйдө жок болгон убакытты тандаңыз. Же ваннага бекинип алыңыз.

 
4. Make-up

Эркек, сиздин “өзгөрүүлөрдү” көрүп, таң калып жатканын эч качан мойнуна албайт.

Сиз жөнөкөй аялдан принцессага трансформация болуп жатканыңызды көрүп, анын оюнда, "макияждын күчү менен гана сулуу экен" – деген ой калыптанып калат.

Ваннага кирип кетиңиз, айтмакчы, жылуу суу чынында эле бетке сулуулук тартуулай алат, бирок, күйөөңүзгө, кептин баары сууда эмес экенин билип кереги барбы?

 
5. Шопинг

Ушунчалык кылдаттык менен сумка тандайсызбы. Бижутерия карап же эч бир айырмасы жок нерселерди карай бересизби? Сиздин өнөгүңүз ошол убакта өзүн кандай сезип турганын байкайсызбы?

Анын нервин деле аяп коюңуз. Ага колготкинин нака баасын билип эмне кереги бар? Же, кичине толо түшкөнүңүздүн? Шоппинг кылгыңыз келсе курдашыңызды, же болбосо апаңызды чакырыңыз.

 
6. Телефондогу сүйлөшүүлөр

Мурунку коллегаңыз менен эстей турган, сүйлөшө турган нерселер көп. Кантип курбуңуз күйөөгө чыкканын, кантип туура шугаринг кылышты жана кантип чачты бат өстүрүштү.

Мындай маекти уккан эркек, “баары эле келесоо ушакчылар” деген бүтүм чыгарып алат. Андан да жаманы, сизге ишенсе болобу деген суроону өзүнө коёт.

15 мүнөттөн ашык сүйлөшпөңүз жана маанилүү нерсени гана сүйлөшүңүз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.