Капчыгым калың болсун десең... Жылдыз белгилери боюнча кандай капчык көтөрүш керек

Асмандагы жылдыздар капчыгыбызга чейин таасир берет деп ким ойлоптур. Балким ишенбегендер мыйыгынан күлүшөөр, бирок, ааламдын энергетикалык агымы Жер жашоочуларына таасир бербей койбойт.

Андыктан каражаттан каржалбай жашайм дегендер жылдыз белгисине карап капчык тандагандары дурус.

 

 

Койлорго  кымбат баалуу маталардан, эң жакшысы таза кайыштан сапаттуу тигилген капчык керек. Анан да капчыктын көрүнүшү токтунун көңүлүнө толуп, кызыл же алтын түстүү болгону талапка ылайык.

Букачарларга бекем, жакшы бекитиле турган капчык туура келет. Капчык жөнөкөй болгону жакшы, артыкбаш ар түркүн кооздуктардын кереги жок. Түсү саргыч же жашыл болушу керек.

Эгиздерге эки капчык керек, бири майда тыйын-тыпыр салганга, экинчиси ири купюралар үчүн. Эки капчыктуу эгиздердин каражаты эки эселенген энегетикага ээ болот да, чыгаша кирешеси тең салмакта сакталып турат. Капчыктардын түсү көгүлтүр, боз же саргыч-күрөң болгону жакшы.

Бөйөндөргө чөнтөктөрү, сыдырмалары көп, күмүш түстүү, жашыл, көк, сирень гүлү сыяктанган капчыктар куп карашат.

Ал эми Арстандын капчыгы кымбат, сапаттуу, көзгө көрүнөөрлүк анан да саркеч аксессуарлар менен кооздолгон кара, кыпкызыл, ачык кызыл же басмырт сыя түстүү болушу зарыл.

Бийкечтер колдонууга ылайыктуу, жөнөкөй тигилген, көгүлтүр же ак капчыктарды колдонсо болот.

Таразалар тыпыйган кичинекей, ачык күрөң, мала кызыл, көгүш капчыктарга акчаларын салышса, акчалары көбөйгөндөн көбөйө берет.

Чаянга болсо тескерисинче чоң, ачык түстүү, түркүн жасалгалар менен кооздолгон капчыктар жагат. Чаяндар кара жана ак түстөгү капчыктарды колдонбой эле коюшсун, мындай түстөр алардын иштеп тапканын жугумдуу кылбайт.

Жаачыга резина сыяктуу материалдан жасалган  чоюлчаак, көлөмү дагы өзгөчө анан темир-тезеги жок капчыктар керек. Жаачынын колдонгон капчыгынын түсү саргыч-күрөң, кызыл, алтын түстүү болгону дурус .

Текечерге квадрат  үлгүсүндөгү кандай гана сумка болбосун батып кете турган, кара, көк, кочкул жашыл капчыктар дал келет.

 

Колго жасалган жасалгалар, кайталангыс  оюм-чийим, кооздуктарга чулганган капчыктар Суукуярга абдан жагат. Капчыктын өзү да, өңү да өзгөчөлүнүп турууга тийиш.

Балыктар жасалма булгаарыдан шырылган, чөнтөгү, сыдырмасы аз, ачык боз, көгүш өңдүү капчыктарга басым жасашат.

Кыскасы, бай болсом деп самагандар жылдыз белгилерине куп келишкен капчыктарды колдонушу керек экен. Акча энергиясы дал келүүлөр аркылуу өз ээсин табат.