Каныңыздын группасы сиз жөнүндө сиз ойлогондон да көп айтат

Адамдын канынын группасы анын курамы менен айырмаланат – көмүртектер менен белоктор кандын ар кайсы группаларын түзүшөт.

Негизинен 4 группа бар, алардын эң көп жайылганы – экинчи группа.

Сиздин кан кайсы группа экенин билип алуу өтө маанилүү, эгер тез арада кан куюуу керек болсо, куюлчу кандын сиздики менен шайкештигине ишеним болуш керек.

Так ошону үчүн атайын кызматтардын, аскерлердин кийимдерине группанын номери менен резус фактору бастырылып тигилет.

Кандын группалары байыркы адамдардын жашоо шартына жараша түзүлгөн деп эсептешет. Ошондуктан кандын группасы окшош болгон адамдарда көп окшоштуктар болот.

I группа

Бул эң байыркы неандерталецтерден бери келаткан группа. Ал убакта адамдар көбүнчө эт менен тамактанышкан. Ошондуктан буларга белок менен эт көп диета пайдалуу болот.

Каны I группа адамдар – тубаса лидерлер жана башкаруучулар. Алар бир нерсенин алдын ала көрөт, жана ар кандай жагдайлардан чыгууга оңой жол табышат. Бирок булардын бир кемчилиги бар – ал жоопкерчиликсиздик. Эгер кандын бул группасынын ээси ал кемчиликти жеңсе, накта ийгиликке жетет.

Бул неандерталецтердин тукумдарынын ден соолугунун көрсөткүчү – кыймыл. Алар канчалык активдүү кыймылдаса, ошончолук узак жашашат.

Каны I группа эркектер – жакшы ойноштор. Аялдардын жүрөгүн багындырганды жактырышат, жана ошону менен токтоп калбайт.

Каны I группа айымдар “бир нерсеге” тойбойт. Алардын темпераменти өтө активдүү. Дагы алар аябай кызганчаак болушат.

II группа

Кандын II группасы кийинчерээк, адамдар жер иштетүү менен алек боло баштаганда пайда болгон. Ошондуктан бул группанын ээлеринин тамак ашы эт эле эмес, чөп-чар дагы болушу керек.

Ар кандай шарттарга оңой ылайыкташып алышат, конфликтти жаман көрүшөт. Бул адамдар баарлашуу үчүн жаралышкан, бейтааныш адамды бат түшүнүп, оңой тил табышат. Чет тилдерди дагы бат үйрөнүшөт.

Көбүнчө көрүү органдары жана жүрөк илдеттерине чалдыгышат, боорун дагы кылдат карап жүрүүсү зарыл.

Каны II группа эркектер уялчаак, бирок ишеничтүү болушат. Алар өзүнүн айымын сыйлашат.

Каны II группа айымдар – идеалдуу жубай, чын дили менен берилген жана бир сөздөн түшүнгөн жар.
 

 
III группа

Бул группа жер суук боло баштаганда пайда болгон. Ысыктан суукка өткөөр оор заманда кан мутация болгон. III группанын ээлеринин өзгөчөлүгү – чыдамкайлык жана сарамжалдуулук. Алар эң жакшы ювелир же хирург боло алышат. Бир нерсени үйрөнбөсө да так жасай алышат.

Аш казан жана ооз-мурун инфекциялык оорулары менен көп оорушат.

Эркектер айымдарын бат-бат алмаштырышат, бирок белгилүү бир убакытка чейин гана: сүйгөнүн жолуктургандан кийин, акылга салып токтолушат.

Аялдар өзгөчө экстраваганттуу жана бардык нерсеге өзүнүн стили болот. Бийлик кылууну жана өзүнүн оюндагыны эч кимге бербегенди жакшы көрүшөт.

 
IV группа

Бул группа – эң сейрек жана эң жаңы. Ал болжол менен 1 000 жыл мурда пайда болгон.

Бул группанын ээлеринин иммунитети жакшы болот. Жаңы пайда болгон ооруларга жакшы туруштук беришет.

Булардын ден соолугунун алсыз жери: угуу органдары, териси жана сөөктөрү менен муундары. Окумуштуулар менен ойлоп табуучулар көбүнчө ушул группанын ээлери.

Каны IV группа эркектер – эң жакшы азгырыкчы болушат. Алар өзүнө кантип көңүл бурдурушту билишет.

Каны IV группа аялдар – сексуалдуу жана өзүнө тарткыч болушат. Бирок өзүнүн контактарын кылдат тандашат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.