Кантип аялымды "ойношу" менен кармап алып, аз жерден экөөнү тең өлтүрүп коё жаздадым: жашоодон алынган чындыкка жакын окуя!

Үй бүлөдөгү мамиле ишенимдин аркасы менен түзүлөт, бирок, ал жок болсо, коркунучтуу казустар болуп кетиши мүмкүн. Бул окуянын авторунун айтымында, ал чоң жана коркунучтуу акмактыкты кетирип коюуга жакын болгон. Мисалы, киши өлтүрүү. Кептин баары, биринчи кызуу кандуулукка алдырууда, андан кийин гана акыл эстин келишинде.

Сүрөттөө биринчи жактын аты менен кетет.

 

Шайтан алгырдыкы, эмнеге үйгө эрте келдим десең. Аялымды сүйүнтүп коёюн деп, жолдон гүл дагы алып алдым. Эшикти өзүмдүн ачкычым менен ачып кирдим. Наташа уккан жок, душка түшүп аткан экен, мен болсо сюрпризди көбөйтөйүн деп, акырын бутумду чечип баштадым. "Васька, жеп бүттүңбү?" - ваннадан үн чыкты, титирей түштүм, анткени менин атым Сергей, тамактана баштай да элекмин.

— Күтө тур, мен бүтүп калдым, чыгып, дагы салып берем, ­— эшиги жарым ачылган ваннадан үн чыкты.

 

Каным кайнап чыкты, башым жарылайын деп атат — мына мүйүздүн учу көрүнө баштады, — дедим ичимен.

— Өлтүрөм катынды, тигини да өлтүрөм! — дубалга жөлөнүп, көз ачып-жумганча чечим чыгара салдым, — ушундай шермендеге чыдаганча, өлтүрүп тынганым оң.

Башымда: "Мен сүйчү элем го" деген ой менен алдыга жөнөдүм.

 

— Сережа, Сережа, сага эмне болду?! Кечирип кой, мен күнөөлүү эмесмин! — Наташа кыйкырып, каалга менен мени байкабай уруп алды, коркконунан көзү чыгып кетейин деди. Ой кобра, актанып атканын.

— Күнөөлүү эмес? Сен мага мүйүз өстүрдүң! — айкырдым, мүйүз чекемен кандай өсүп чыгып атканын сезгендей.

— Өзүң күнөөлүү! — Сенин келгениңди мен каяктан билдим?! Каалганы ачканда өзүң сүздүң го! Каякка чуркап бараттың эле, келесоодой?! — Наташа ыйлап жиберди.

 

 

— Ким ал?! — полдон туруп атып жиндене сурадым, — Ким ал акмак?! Азыр экөөңдү тең өлтүрүп, көмүп тынам!

— Ким? — Наташанын көзүнөн чыныгы таң калуу көрүндү. — Кимди айтып атасың?

— Аш үйдө ким?! — турганга дагы бир аракет кылдым, каалганы жакшы эле сүзгөн окшоймун, көздөрүм караңгылайт, же мүйүз жарыкты жаап калдыбы, айтор...

— Васька дегениң ким? — суроомду кайталадым.

 

— Тигиби, — Наташа аш үйдүн босогосундагы кайра кайра мяулап аткан жана биздин уруштан коркуп карап турган боз тоголокко көз шилтеп койду, — Ленка белекке берди.

 

Чекемди дагы бир жолу кармап көрдүм, мүйүз жок экенин көргөн соң түшүндүм, мүйүздү өзүбүзгө өзүбүз эле өстүрө берет турбайбызбы...

 

Кыргызчага которгон anan.kg

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.