Кантип 1 мүнөттө уктап калса болот

Уйкусуздукту жеңүүгө жөнөкөй дем алуу көнүгүүсү жардам берет.

 

 

Эмне кылыш керек

Бул максималдуу жөнөкөй техника 4-7-8 деп аталат. Ыңгайлуу абалда жатыңыз. 4 секунд аралыгында мурдуңуз менен аба жутуңуз. Демди 7 секундга кармаңыз. Кайра 8 секунддун ичинде жуткан абаны акырындан оозуңуз аркылуу чыгарыңыз. Ушундай образда, уктап калганча бир нече жолу кайталаңыз.

Эмнеге ыкма эффективдүү

Гарвард университетинин доктору Эндрю Вейл, өзүнүн лекцияларынын биринде, эс алуунун жана бат уктоонун бул эффективдүү көнүгүүсү тууралуу айткан.

Мындай циклдик ритмдеги дем алуу нерв системасын бошоңдотот. Бул байыркы техниканы индиянын йогдору медитация маалында, максималдуу бошоңдоого жетүү максатында колдонуп келишкен. Бул методду бат уктагыңыз келген маалда гана колдонбостон, тынчтангыңыз келгенде дагы колдонсоңуз болот.

Эгер 4-7-8 системасында дайым дем алып көнүп алсаңыз, нервиңизди бошоңдотконго жеңил болуп калат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.