Кант диабети. Сизде бул белгилер барбы? Ар бир адам билиши керек

Бул ооруунун пайда болушуна 90% учурунда адам өзү күнөөлүү болот. Аз кыймыл кылуу, ашыкча салмактуулук, тамакты дайыма ашык жеп алуу бул ооруунун пайда болушуна жакшы шарт түзөт. Азыр дүйнө жүзү боюнча 500 миллионго жакын адам бул ооруу менен жабыркап келет.

 

 

Кант диабети деген эмне?

Бул кантты ашыкча жеп алуу дегенди түшүндүрбөйт. Бул адамдын гормондоруна жооп берген эндокориндик системанын жабыр тартуусунан келип чыккан дарт. Ашказан алдындагы уйку бези жетишээрлик түрдө инсулин иштеп чыга албай калган учурда кандагы глюкоза (кант) бир калыпта болбой гормондордун бузулушун алып келет.

 

 

Белгилери:

Дайыма суусап туруу

Дайыма ачка болгондой сезим боло берет

Ашыкча салмак кошуп же арыктап кетүү

Көздүн начар көрүшү

Чарчап, алсыз болуу

 

 

Азыркы учурда бул оору менен ооругандар дүйнө жүзү боюнча көп катталууда жана андан да жаманы дагы ушунча адам өзүнүн ооруулуу экенин билбей жүргөндөр. Бул дарт жылдап билинбей жүрө бериши мүмкүн, ошондуктан доктурга көрүнүп текшерилип койуу ашыкча болбойт.

 

 

Алдына алуу үчүн ар бир адам күнүнө жок дегенде жарым саат көнүгүүлөрдү жасап жөө басышы керек. Туура тамактанып, жатаар алдында өтө тойуп алуунун кереги жок. Ашыкча салмактан арылып болушунча көп кыймылдап, болоор болбос нерселерге нерв коротпой стресстен алыс бололу. Чын ден соолукта болуу ар бирибиздин өз колубузда.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.