Калп жөнүндө сиз билбеген 10 кызыктуу факт

Адам баласы бири-бирин пайда көрүү максатында алдаса, кээде суудан кургак чыгыш үчүн алдайт, кээде – бир нерсени кызыктуу кылып айтыш үчүн. Кандай болсо да, адам баласы калпка мойнуна чейин батып, андан чыгайын деген ою жоктой.

 

 

1. Калп текшерген детектор (полиграф) калпты 100% аныктайт деген ойлор бар. Бирок полиграфтын көрсөткүчтөрү адамдын физиологиясынан көз каранды: канбасымы жана пульс. Бул приборду алдаган адамдар дагы жок эмес. Ошентсе дагы американанын коопсуздук кызматтарынын изилдөөлөрү, полиграф 96% учурда чындыкты аныктаары белгилүү болду.

2. Эң калпычы эл болуп кытайлар эсептелет. Чыгыш Англия Университетинин изилдөөлөрү боюнча, эксперименттин катышуучуларынын 70%ы, убадаланган кызыктыруучу сыйакыны алыш үчүн калп айтышкан.

3. Калп кокустан айтылган жана пландалган болуп бөлүнөт. Биринчисинде, калпычы өзүн кол жаңсоолору, көз караштары менен сатып койсо, экинчисинде адам өзүн толук контролдоп турат.

4. Эгер адам сүйлөшүү убагында узун тыныгууларды жасаса, калп айтып жатат деген туура эмес. Балким ал жөн гана туура сөздөрдү тандап жатат.

5. Хертфордшир Универститетинин окумуштуулары, калпычылар көбүнчө эркектердин арасында кезигээрин аныкташты. Орто статистикалык эркек бир жылда 1092 жолу калп айтса, аял – 728 жолу калп айтат.

 

6. Дагы бир кызыктуу факт: аялдар 80% убакта калп айтканына өкүнсө, эркектер – 70% убакта гана өкүнөт.

7. Башка бир изилдөөнүн негизинде, калпычылар көбүнчө соода-сатык тармагында иштешет.

8. Калпты аныктоого мүмкүн эмес, эгер калп атайын максат менен айтылып жатса.

9. Кызыктуусу, балдар тили чыккандан баштап эле калп айтып башташат.

10. Адам калп айтып жатканда, көптөгөн эмоцияларды башынан кечирет: уялуудан баштап сыймыктанганга чейин.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.