Калп айтып жаткан адамды кантип билсе болот?

Калп – бул билип туруп чындыкка коошпогон нерсени айтып, ошону ырастоо.

Психологдор калп айтууну искусство дегендери бекеринен эмес.

Адамдар эмне үчүн калп айта тургандыгын, калп айткан адамды кантип аныктоого болорун психологдор айтып берет.

 

Адамдар эмнеге алдашат?

Калп жашообузда кенен эле орун алган десек болот. Бизди калп айтууга көп нерселер түртөт. Мисалы, өзүнүн өмүрүнөн коркуп калп айтуу. Айталы, бирөө кылмыштуу окуяга күбө болуп калды дейли. Ал окуя боюнча иш козголуп, тиги адамды күбө катары чакырса, ал "эч нерсе көрбөдүм, укпадым" деши мүмкүн.

Ошондой эле адам кокустан шылдың болуп калбайын деп өзүнүн чыныгы оюн айта албай, сурап калышса аргасыз калп айтат. Кээ бирөөлөр өзүн бактылуу жана эркин көрсөтүү үчүн элди алдайт. Муну менен өзүн да ишендиргиси келет. Андай калп адам чындыктан, чечилбеген маселелерден качканда өзүнө жасап алган коргоо тосмосу.

Калп товарын өткөрүү айласында, эки адамды жараштырууда, жумуштан кечиккенде деле айтыла берет. Ошондой эле өзү иштеген мекемесинин, партиясынын аброюн көтөрүү үчүн, мурунку калпын жашыруу үчүн калп айтуу, алдын ала ойлоп таап калп айтуу дегендер да бар.

Калп кичине жана зыянсыз болсо бир жөн. Ал эми башкаларга зыян алып келүүчү калптардан кармануу зарыл. Анткени сиздин айткан калптан бирөөлөрдүн аброю түшүшү, жубайы менен ажырашуусу же карьерасынан аксашы мүмкүн жана башка.

Калп айтып жатканын аныктоо ыкмалары

Калп айтуу – бул физиологиялык стресс. Андыктан калп айтып жаткан адамда стресске тиешелүү көрүнүштөр кезигет. Калп айтып баштаганда денесин чыңалган абалда бекем кармайт (тырышкандай). Кол-буту аздан титирейт. Көзгө тике карайт (калпыма ишенип жатабы деп тиктейт). Оозу кымтылат. Демин ичине катат. Дем алуусу, жүрөгүнүн кагышы күчөйт. Колу тердейт.

Оозун жабат, мурдун кармалайт. Оозду жабуу – чындыкты айтып жибербейин деген кармануу. Минтип оозду жабуу көбүнчө кыздарда кездешсе, эркектерде мурдун кармалоо кезигет. Бети ассиметриялык абалда болот. Мисалы, калп күлгөндө ооздун бир жагы көтөрүлүп, бир жагы жөн тургандай болот (ассиметрия). Ошондой эле ооздун жана көздүн тегерегиндеги бырыштар билине бербейт.

Чындыкты сүйлөгөнүбүздө жүзүбүз ачык, күлгөнүбүздө оозубуз толук ачылып, симметриялык абалда болот, ооз-көз тегерегиндеги бырыштар билинет. Бир ийини көтөрүлөт (оң же солбу, айырмасы жок. Чындыкты айтканда ийин көтөрүлбөйт). Моюнун кармалайт. Муштуму түйүлөт (чындыкты айтканда дене бош болуп, алакандар ачык, жазылган абалда болот). Башы ары-бери кыймылдашы мүмкүн.

Сүйлөп жатканда көзү сол тарапты (өйдө, ылдый) карайт. Чын айтканыбызда көзүбүз оң тарапты караса, калп айтканда солду карайт. Буту учкаштырылган же колу айкалыштырылган (же эки абал тең күтүлөт). Үнү көтөрүлөт (калпына ишендирүү үчүн) . Чындыкты айтканда үнүбүз калыптагыдай болот. Узагыраак (калпына ишендирүү үчүн) сүйлөйт. Чындыкты айтканда биз кыска, ишенимдүү сүйлөйбүз. Кол жаңсоолор коштолушу мүмкүн.

Калпын кармап алуу ыкмасы

Ордуңуздан туруп барып жанына туруп калыңыз. Анткени ар адамда "ыңгайлуу аймак" деген бар (болжол менен 0,5 метр). Эгер ошол аймакка кирип барсаңыз, ал калп айта албай калат. Ал отурганда туруп алыңыз. Калп айткан адамды өйдөдөн караганда ал өзүн коргоо функциясын жогото түшөт да, сөздөрү үзүлүп, мукактана баштайт. Айтканын кайра артка түрүп айттырыңыз. Ушинткенде алар жаңылышып, калпы ачыкка чыгат.

Жакшы калп айткандар полиграфты да алдашат

Эгер адам калп айтуу менен (көбүнчө пайда табуу максатында) "туура эле кылдым, ушинтишим керек болчу" деп өзүн жубатып, өзүн алдай берсе, анда чектен чыга баштайт. Бара-бара уяты менен бир келишимге келип, калп айтууну өнүктүрөт, реалдуулуктан алыстайт. Алар полиграфты да алдап кетүүгө жөндөмдүү.

Кээ бирлер калпты айтарын айтып алат да, артында өзүн күнөөлүү сезишет. Алар "уяты уктатпагандар". Бул калпычылыкты өнүктүрбөй кармап турган жакшы сапат. Бирок айрымдар башында аз адамды, акырында адамдар тобун алдагандан рахат алып, чектен чыгып кетишет. Калптын жардамы менен андай адам чындыктын альтернативасын түзөт да, өз сөзүнө өзү ишенип калат. Бул психологиялык абал. Андайларды коом жакшы кабыл албайт.

Баланы калп айтпоого үйрөтүү

Эгер ата-эне калп айтса, анда балада "калп айтса болот экен да" деген ой пайда болот. Ата-эне балдарына "калп айтпагыла" деп коюп, өздөрү калп айтса, балдар алардын сөзүн укпайт. Анткени сөзү менен иши башка болгонун көрүп турушат да. Ата-эне аргасыз калп айткан күндө да балдарына жагдайга жараша калп айтууга туура келгендигин түшүндүрүүсү зарыл. Андыктан калп айтпаңыз. Калптын жаман экендигин далилдөөчү мультфильмдерди коюп, жомок окуп бериңиз.