Каалоо-тилектерди орундатууга 7 кадам

Эгер каалоо-тилегиңди бир жерге топтоп, оюңду жыйнактап ЖЕТИ эрежени так колдонсоң, сенин каалоолоруң сөзсүз орундалат.

Психологдор ой-тилектер кагаз бетине түшкөндө тезирээк ишке ашаарын айтышат. Биздин башыбызда куюндай удургуган ойлор абдан көп. Чачкынды ойлорубуз Жаратканга жетпегендиктен кыялдарыбыз ишке ашпайт. ЖЕТИ эрежени колдонуу менен биздин кыялдарыбыз чындыкка айланат. Андыктан оку, ойлон, мээңе сактап, жашоодо колдон!

 

1-эреже. Кыялдарды кагазга жаз

Көңүлүңдү ээлеген кыялыңды сөзсүз кагаз бетине түшүр, жазганда да ыкласыңды төшөп, сулуу кылып жаз. Айтуу оңой, жасоо кыйын дегендей, кыйла жеңил көрүнгөнү менен кыялыңды кагаз бетине түшүрүү да оңой эмес. Аны туура жазуу керек. Мисалы «Мен үйлүү болгум келет». Туура жазылганбы. Жок, жок, жок! Эмнеге дээрсиз. Ой тилек качан деген сурекламароо коюлганда аткарылат. Бул дүйнөдө бардык нерсенин өз убакты-сааты бар. Андыктан  кыялдагы ой-тилектин да аткарыла турган мөөнөтүн белгилеп алыш керек. Мөөнөтү коюлбаган ой-тилек эгерим ишке ашпайт. Ошондуктан кийинки эрежеде бул тууралуу кеңири айтылат.

 

 
2-эреже. Кыялды чындыкка айлантуунун мөөнөттүн белгиле

Мисалы, «2018-жылы жайында мен коттедж сатып алам». Эгер сен жөн гана «Коттедж сатып алам» деп жазып койсоң каталык кетирген болосуң. Жазылган нерсе ишке ашат. Бирок, качан  болоору белгисиз. Ошондуктан  ой-тилегиңди кагазга жазаар алдында жыл, ай, күндү белгилеп ал да, үчүнчү эреженин тепкичине көтөрүл!

 
3-эреже. Кыялың азыркы учурда ишке ашкандай жаз

Кыскача айтканда, «Мен үй сатып алам» дегендин ордуна, «мен үй сатып алдым» дегениң туура. Сен жашап жаткан азыркы күн абдан маанилүү. Сен кыялыңдагы үйдү сатып алганыңдай элестетишиң керек. Мына ушундай ыкма менен кыялың батыраак ишке ашат. Каалоолору ишке ашпагандардын көпчүлүгү «Мен кедей болгум келбейт» деп жазышат же айтышат. Бул дагы эң чоң каталардын бири. Биздин кыялыбызды кабыл алган ААЛАМ дүйнөсү биз берген белгини түз кабыл алат. Ал жакта сөздү оңдоп турган корректор жок, ошондуктан  бул белги «Мен жакыр болгум келет» деген сыяктуу кабыл алынат. Анткени бул тилекте «Жакыр» деген сөз калоо-тилектеги башкы сөз болуп жатпайбы. Биз эмнени ойлосок, ошону магниттей тартып турабыз. «Мен жакыр болууну каалабайм» десең автоматтык түрдө жакырлыкты өзүңө чакырасың. Анын ордуна «Мен бай болгум келет жана БАЙ болом!» деп ойлонгун жана калоо-тилек жазып жаткан дептериңе так ушинтип жаз!

 
4-эреже «Жок» деген сөздү айтпа

«Жок» деген сөздү, дегеле байлыкты качыра турган сөздөрдү колдонбо! Бул эрежелердин эрежеси экенин унутпа.  Ой-тилектерди жазып жаткан учурда кыскартып жазбай, кеңири жаз. Ал туурасында бешинчи эрежеден оку.

 
5-эреже. Ой тилегиңди чын дилиң менен сүрөттөп, кенен жаз!

Жаңы үй сатып алганды кааласаң үйдү толугу менен сүрөттө, канча бөлмөлүү , терезеси кандай, эшиги кандай, балкону барбы, жокпу, каерде жайгашкан, чарбагында өскөн тал-дарактарды, кандай гүлдөр тигилген. Вазадагы гүлдү каерге коесуң, бөлмөдө эмне буюмдар бар. Айтор ой-тилекти жазып жатканда майда-чүйдөсүнөн бери баарын жазыш керек. Ой-кыялды жазып жатып элестетип, чын ыкласың менен кыялыңдын ишке ашаарына ишен.

Дагы бир маанилүү нерсе сенин каалоолоруң башкаларга кайгы алып келбесин. Муну дагы ойлонуш керек. Аны алтынчы эрежеден окуп ал:

 
6-эреже. Ой-кыялды кагазга жазып Жаратканга жалын…

Ой-кыялыңдын, калоо-тилегиңдин баарын ак кагаз бетине түшүрдүң, эми Жараткандан жалынып жардам сура. Мисалы: «Менин келечектеги үйүм кубанычка жана бакытка толсун! Ылайым, менин балдарым жана неберелерим ушул жерден уланып-жалгансын. Менин ой-тилегим жалаң гана жакшылыкты алып келсин!»

«Мындан дагы жакшы» деген сөз кандай жакшы. Андыктан жараткандын жакшылыгы чексиз, аны чектелген ойлорубуз менен чектебейли. Ой тилектериңден тышкаркы жакшылыктарга да сен татыктуусуң. Андыктан ой-тилектериңди көкүрөгүңө кысып олтура бербей көгүчкөндөй көккө учуруп жибер.

7-эреже. Ой-тилегим качан ишке ашат деп беймаза боло бербе

Кыялыңда кое бер да аракеттене башта! Ой-тилектер жазылган кагазыңды көздөн далдоо жерге катып кой да, кыялыңдын жолун утурлай тосуп чык! Бирок, жалаң эле ошол ойдун тегерегинде айланып-тегерене бербе. Өзүңдү да чарчатпай, Жараткандын гармониясын дагы бузба. Ойлонуп аракеттенсең, ой-тилегиң сөзсүз ишке ашат!

Facebook барагыбызга жазылыңыз