Какаонун пайдасы канчалык?

Кельна Университетиндеги клиниканын окумуштуулары какао жүрөк-кан тамыр системасына жагымдуу таасир берип, кан басымынын жогорулаганын ылдыйлатат. Андыктан чайга караганда какаону көбүрөөк ичиш керек экен.

 

 

Кептин баары какао -данындагы флавоноид заты кан басымын тең салмактап, ички органдарга кан айлануусун жакшыртат. Ошон үчүн бир чыны какао ичкенде адамдын абалы оңолуп кадыресе жанданып, көңүлү жайлана түшөт.

 

 

Медиктердин айтымында гипертензия илдетинен жабыркагандарга дарыдай эле , андан да жакшы жардам берет. Анткени бейтаптарга эки топко бөлүп эксперименгт жасаганда бир топ жалаң дары-дармек ичсе экинчи топ күнүгө какао ичкен. Натыйжада какао ичкендердин анализи жакшы чыккан. Ушундан кийин окумуштуулар какао ичүү инсульт, жүрөк талмаларын 10-20% азайтат деген жыйынтыкка келишкен.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.