Качан микротолкундуу меш ден соолукка зыян

Бүгүнкү күндө бул жабдык жок бир дагы ашкананы элестете албайсың. Микроволновка офистерде, тез татым сатчу жерлерде сөзсүз бар болгон жабдык болуп калды. Чындап эле, тамак жылытууда, ал алдына башка эч бир приборду салбайт. Ал эми анын кыйыр таасирлери тууралуу эмне билебиз?

 

 

Микроволновканын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу талаштар, ал пайда болгон күндөн  баштап эле болуп келет. Жыл өткөн сайын анын пайдасынан зыяны көп экени тастыкталып жатат. Негизи, ал тамактын азыкт болуучу заттарын бузганы менен таанымал.

Микротолкундар – бул азыктын электромагниттик касиеттерин өзгөртүүчү иондолбогон радиация. Ал атом менен молекуланын ортосундагы байланышка таасир тийгизет. Башкача айтканда, микроволновкада жасалган тамак, ден соолукка зыяндуу жогорку жыштыктагы температуралык нурланууга кабылат.

Микроволновкада тамак кантип жасалат?

Микроволновкада атомдун карама-каршылыгын алмаштырган алмашма ток колдонулат. Жыйынтыгында, бардык азыктын курамында бар суунун молекулалары сүрүлүү күчү менен тамак ысыйт.

Эмнеге микроволновка коркунучтуу?

Микротолкундун жыштыгы 2,45 млрд герц. Бул, мештин каалгасы жакшы жабылып, микро толкундар чыгып кетүү жагдайы жаралганга чейин адамга коркунучсуз. Адамдын денесине 10 герц коркунуч туудурат. Ошондуктан, иштеп жаткан мештин жанына турбаш керек. Микро толкундун сага таасир берип жатканын сезбейсиң, бирок кийин кеч болуп калат.

Микротолкундар кантип организмге таасир берет?

– Организмдин өсүшүнө тоскоолдук жаратат.

– Рак пайда болушуна алып келет.

– Катаракта пайда кылат.

– Иммунитетке таасир берет.

– Бактерия менен вируска болгон иммунитеттин реакциясын төмөндөтөт.

– Олуттуу ооруларды чакырат.

Микроволновкада жылыган тамакта кандай өзгөрүулөр болот?

– Химиялык жана молекулярдык байланыш үзүлөт.

– Азык болуучу заттар жок болот жана бузулат.

– Радиация молекулаларды деформация кылып, коркунучтуу радиоактивдүү курамаларды жаратат.

– Миккроволновкада ысытылган эмчек сүт 96% сапатын жоготот.

Микротолкундар менен ысытылган балдардын тамак аштары структурасын өзгөртөт: компоненттери аминокистоталарга айланып, иммунологиялык бузулууга алып келет. Микротолкундуу нурлануу тамактын ДНКсын бузуп, организм аны тааныбай калат. Жыйынтыгында, организм өзүн өлүк тамактан сактайт: микроволновкада жылыган тамак май катмарларына оролуп жана бат тарайт.

1992-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө, катышуучуларга микроволновкада ысытылган жашылчалар берилген. Окумуштуулар кийинкы жыйынтыкка келишет.

- Холестериндин деңгээли көбөйүп кеткен.

- Гемоглобин түшүп, анемиялык акыбалга алып келген.

- Лейкоциттин деңгээли түшкөн.

Эсте болсун, каалгасы жабылган микротолкундуу мештин өз тегерегинде коркунучтуу электромагниттик талаа болот. Адамда электромагниттик нурлануунун нормасы 0,5 мГ түзөт. Эгер иштеп жаткан микроволновканын жанында 10 см жакын турсаң, 100-500 мГ нурланууга дуушар болосуң. Эгер 1 метрге алыстасаң нурлануу 1-25 мГны түзөт.  

Микротолкун – өмүрдү туура кыскартуунун жакшы жолу экенинен мисал

Мектеп окучуусу эксперимент жүргүзгөн. Ал таза сууну алып 2ге бөлүп, бироону кадимки плитада, экинчисин мероволновкада кайнаткан. Муздагандан кийин, эки бирдей өсүмдүккө куюп сугарып, өсүмдүктөрдүн өсүүсүндө кандай өзгөрүү болоорун байкаган.

Ал, микротолкундар суунун структурасын жана энергетикасын өзгөртөт деп ишенген. Жыйынтыгы анын өзүн таң калтырды.

Эксперименттин бешинчи күнү эле өсүмдүктүн соолуп баратканы байкалган. Өндүрүүчүлөр, микроволновка коркунучсуз деп ишендиришет, анда эмнеге өсүмдүктөр соолуп калат?

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.