Интимдик каалоонун жоголгонунун 9 себеби

Эмне үчүн айымдар жыныстык катнашууга болгон кызыгуусун жоготушат?

Эмне үчүн андай болгонунун тогуз себебин жана каалоону кантип кайтарганга болоору жөнүндө сексологдордун ой жүгүртүүсүн сунуштайбыз.

 

Узак мамиле

Клиникалык психолог Марта Меана, айымдар сексуалдык кызыгууну өнөктөшүнүн алдындагы жоопкерчилик сезиминин айынан жоготот деп эсептейт. Үй жумуштары, күнүмдүк камкордук, адаттар солгундатат.

Көпчүлүк айымдар үчүн тынчсызданбай койгон, балдары же өзүнүн физикалык абалы жөнүндө ойлобой коюу аткарылгыс тапшырма. Кайра өбүшүүдөн жана кучакташуудан ыракат алуу үчүн дал ушуну чечиш керек. Айымдарга көбүнчө өнөктөшүнүн жардамы керек. Мойнундагы жоопкерчиликти жеңилдетүү сексуалдык каалоону кайра сезгенге жардам берет.

Эркелешүүнүн жоктугу

Алдын ала эркелешүү секстен кем эмес, ал эле эмес андан көп ыракат тартуулайт. Өбүшүү, сылап-сыйпалоо, назик кытыгылоо ыракат тартуулайт.

"Кардарларымдан дайыма бир эле арызданууну угам, – дейт Мариа Меана – эркектер каалаганын алыш үчүн гана эркелетишет. Күнү менен жүрүп бир өөп койгонго жарабайт, анан керек болгондо болгон аракетин жумшап калышат". Айымдар үчүн мээрим үзүлбөш керек, алдын ала эркелешүү, оргазм болоор менен кайра башталыш керек.

 
Оргазм менен ыракаттын барабардыгы

Көпчүлүк, экөө тең оргазмга жетсе секс жакшы болду деп эсептешет. Бирок, чындыгында түгөйлөр алган ыракат бириккен убакыт менен чектелбеш керек. Секс деген эмне? "Айымдар үчүн, укмуш секс - каалоонун болгону, жыйынтыгы эмес. Көпчүлүгү сөзсүз аягына чыгыш керек деп эсептегендиктен секстен качышат",- дейт сексолог.

Эркектер ар бир жолу баарын каалайт деп аялдар жаңылыш ойлошот. Кучакташуу, өбүшүүдөн эле ыракат алып, бирок оргазм алганга дүүлүгүүнү жана энергияны короткусу келбеши мүмкүн. Кээ бир эркектер үчүн өбүшүү секске кайрылганга болбогон түз жол болот. Бирок кээ бир учурда эркектерге, кучактап, жанында экенин билүү жетиштүү.

Бул тумандагыдай, эркек кучактап өөп жатканда чындап эле башка эч нерсе каалабашы мүмкүн, бирок дүүлүккөндөн кийин эмнеге токтотуш керек, түшүнбөйт.

Секс милдет катары

"Канчалаган аялдар айтат: менден күткөн үчүн мен жыныстык катнашка барам. Күйөм үчүн кылам. Ага керек экенин билем" – дейт Марта Меана – "алар боорукер жана жоопкерчиликтүү болгон үчүн өздөрү эмне каалап жатканын түшүнбөй калышат, бул каалоонун ачкычы эмес".

Алар жакшы болом деп бушайман болуп жатып, каалоолорун унутуп калган. Секс жөнүндө ойлогондо, эркек эмнени кааларын гана ойлошот. Бул эркек туура эмес кылып жаткан үчүн эмес: эгерде аялын каалап турса жакшы, эгерде каалоо жоголсо анда иштин бүткөнү.

 
Аялдын сексуалдуулугунун өзгөчөлүгүн билбөө

Аялдын сексуалдык каалоосу субъективдүү жана бүдөмүк нерсе.

Секс жана жыныс органдары жөнүндө гана ойлонуу көбүнчө эркектерге тийиштүү. Аялдар аласындагыга караганда кулагы менен укканга берилишет. Көбүнчө аларды кызыктырган, сулуу экенин сездирген, жагынган, артынан чуркаган дүүлүктүрөт. Дагы бир нерсени эске түйүп алуу керек: аялдын каалоосу туруксуз, ар кандай кырдаалдан көз каранды, аба ырайынан, күндүн убактысынан, маанайынан. Аялдын каалоосу эркектикине караганда бат өчөт, бирок кайра бат эле дүүлүктүрсө болот.

 
Физикалык себеп

Гармондордун жетишсиздигинен калоо жоголушу мүмкүнбү?

Бул жашы келип калган айымдарга тийиштүү. Калкан безинин гормондору да каалоого таасирир тийгизет. Эндокринологго текшерилип коюу ашыктык кылбайт.

Эригүү

Эркектер көбүнчө аялдарына байланган. Алар өзүлөрү сыяктуу аялдары жыныстык катнаш каалап турушун каалашат. Бирок аялдар каалоону бат жоготушат, ошондуктан ар дайым "азыктандырып" туруш керек. Аял жыныстык катнаш каалаш үчүн, татыктуу болуш керек. Көбүнчө каалоонун жоктугунун себеби аял жыныстык катнашты каалабайт эмес, ал күткөн нерсе болбогондугунда. Бул учурда түгөйлөр жыныстык мамилесин жакшыртыш үчүн уялбай адистин кеңешине кайрылышы керек.

 
Коопсуздук

Аял өзүн эне, жубай, үйдүн куту сезет. Бул ролдордун бири дагы сексуалдуулук менен тиешеси жок. Көптөгөн кылымдар бою каалоону канааттандыруу мыйзамга сыйбаган иш болгон, ошондуктан жашырынып этияттык менен кылынып калынган. Бул аялдардын мээсине сиңип калган. Эротикалык укмуштуу окуяга кабылыш үчүн үйдөн сырткары чыгыш керек.

Өзүн өзү баалабагандык

Эркекти дүүлүккөн аялдан жакшы эч нерсе дүүлүктүрбөйт. Аялды да ал эркекти дүүлүктүрүп жатканын сезгенинен жакшы эч нерсе дүулүктүрбөйт. Бирок эркектин даяр болгону, эгерде аял өзүнө ыйкы тыйкы болсо эч мааниге ээ эмес. Эркек аялга сулуу экенин айтса да ишенбейт. Жанында болгон үчүн эле жыныстык катнашка баргысы келет деп ойлойт. Ал эмне гана айтпасын өзүн баалаганы маанилүү.

Аялга жыныстык катнашка үч түрткү бар деп эсептейт сексолог. Дүүлүгүү, каалоо, даяр болуу. Аял психикалык жактан кызыгып, физикалык жактан дүүлүгүп, бирок каалоосу жок болушу мүмкүн. Акылы жана эмоциясы жок дүүлүгүшү мүмкүн. Каалоосу болуп бирок физикалык жактан дүүлүгө элек болушу мүмкүн, жыныстык катнаш жөнүндө ой жагып, бирок денеси эч нерсе сезбеши мүмкүн. Даяр болуу – бул боло турган нерсеге ачык болуу.

Facebook барагыбызга жазылыңыз