Ийгиликтүү адамдар күндө эртең менен буларды жасашат?

Ийгиликтүү болуунун эң биринчи эрежеси бул-эрте туруу болуп саналат. Бардык ийгиликтүү адамдар күн чыга электе туруп өздөрүнүн сүйгөн нерселерин жасап анан ишке киришет экен. А сиз канчада турасыз?

 

 

 

Фейсбуктун ойлоп табуучусу Цукерберг эрең мененки тамакка чейин ити менен сейилдеп келет. Жумасына 3 жолу чуркайт.

Vogue журналынын башкы редактору Анна Винтур таңкы 5 жарымда туруп бир саат бою чоң теннисте ойнойт.

Apple компаниясынын аткаруучу директору Тим Кук таңкы 4 жарымда туруп машыгуучу залга барат.

 

Бул белгилүү адамдардын бир мүнөттө убактылары жок. Ошондо дагы сүйүктүү иштерин аткаруу үчүн таң атпай турушуп убакыт табышат экен. Таңкы көнүгүүлөр жүөктүн иштешин жакшыртат, а жүрөгүң күчтүү болсо көпкө жашайсың. Жөнөкөй адамдар эртең менен тургандан кыйналышат, көпчүлүгү таңкы көнүгүүнү жасагандын ордуна кичине болсо да уктап алалы дешет экен.

 

Ар бир адам ийгиликке жетсе болот. Эң башкысы эрте туруңуз. Бир аз көнүгүү жасап андан ары ишиңизди улантыныз. Кыйын болбосун үчүн жумасына 3 жолудан таңкы көнүгүүлөрдү жасап баштаңыз. Бир айдан соң 5 күнгө өтүңүз, бара-бара адатка айлантып алсаңыз болот. Эң башкысы башташ керек андан кийин токтотпош керек. Таңкы көнүгүүгө болгону 15-30 мүнөт убактыыз кетет. Чуркаңыз, таза абада ылдам басыңыз. Оор эч нерсе кылуунун кереги жок, жеңил гана көнүгүүлөрдү жасоо жетиштүү болот. Андан соң ишиңизге жөнөңүз ишиңиз жок болсо жумуш издеңиз. Башкысы умтулуу керек. Диванда отуруп телефон чукугандан, телевизор көргөндөн эч кандай пайда болбойт. Азыр баштаңыз!

Facebook барагыбызга жазылыңыз