Ийгиликсиз эркектер: үмүт үзүп койчу 5 түрү.

Бул макалада аялдар айланып качкан ийгиликсиз эркектердин 5 түрүн карайбыз. Ачуу чындыкты билгенге даяр бол.

Эркектин төмөндө сүрөттөлгөн түрүнө кирбейсиң деп чын жүрөктөн ишенебиз. Эгерде өзүңө окшош жерин тапсаң, дароо жыйынтык чыгарып өзгөргөнгө аракет кыл.

Кечке диванда жатып пиво ичип футбол көргөндү токтот. Жалгыз калуу коркунучу бар.

Алдын ала айтууга мүмкүн болгон эркектер

Стандартуу шаблон менен жүрөт, өзүнө да өнөктөшүнө да эч кандай фокус, сюрприз же ойлонулбаган иш аракет кылганга жол бербейт. Күнүгө 19.05те ашканада жолугат, андан кийин чогу кино көрүшөт, 23.00 дө расписание менен жыныстык катнаш болот. Майрамдарда гүлдесте берет, анан экөө чогу энесиникине жөнөйт. Албетте биз апыртып койдук. Бирок аял сизди ашыкча эле алдын ала билип турганы болбойт, өзгөчө жаңы жолугуп баштаганда.

Аял ырым жырымдары жок, мамилени ар башка кылганга аракет кылган, эрдик кылганга жараган эркектер жөнүндө кыялданат.

Сараң эркектер

Финансы жана экономиканы мыкты өздөштүргөн, ашкере эч нерсе сатып албайт, акчаны чогултат, чогултат, чогултат. Ар бир азык түлүктүн баасын билет, баардык жерде соодалашат, акча түгөт жөнүндө же бирөөнү алдап кеткен болсо жыргап айтып берет. Өкүнүчтүү, мындай эркектердин жанында аял өзүн бактылуу сезбейт, себеби андан да үнөмдөйт. "Бул көйнөктү эмне кыласың, көчөгө кийген бир көйнөгүң бар го", "гүлгө акча коротуу бул акылсыздык", "көлдө эс алганга акча жок, дачага барып келели". Баардык эле аялдар акчанын артынан жүрбөйт, бирок баары эле март жана ак көңүл эркектерди баалайт.

Эй сараң! Жашоодо ыракат тартуулоочу акчадан башка да нерселер бар!

Пассивдүү эркек

Жашоодо эч нерсе каалабайт, эч нерсеге кызыкпайт, үйдө эле телевизор көрүп, пиво ичип отурганды жактырат. Элге кошулбайт, коом чарчатат, аялдар аз кызыктырат, жумушунан тажаганын өзү да билбейт. Жоопкерчиликти моюнуна албай аялына оодарып койгон, өзү дивандагы жашоону тандап алган. "Сага керекпи, өзүң кыл!" "Парижге баргың келеби, барып кел". "Баланын көйгөйү барбы? Сен жакшы чечесиң го". Жыйынтыгында аялы эркектин да ролун аткарат: коргойт, чечкиндүү, акча, инициатива, балдарды кароо, келечекке пландар - баары аялдын моюнунда.

Суроо жаралат мындай эркектин эмне кереги бар?

Инфантилдүү эркек

Өзүнө жана өзүнүн кызыкчылыктарына ашыкча көңүл бурууну талап кылат, кубаттоого муктаж, эмоционалдык катышууну күтөт, күнү түнү колдоого, көңүлүн көтөрүүгө жана суктанууга муктаж.

Албетте, инфантилдүү эркектер табиятынан өтө жумшак жана боорукер, өтө эле жашык жана берилген, кичине балдар менен мыкты тил табышат. Бирок эң чоң кемчилиги чечим чыгарганды билбейт, өзүн жана өзүнүн укуктарын коргой албайт. Аял кимдин жанында болгусу келет? Кучтуу жана жагымдуу эркектин. Жыйынтыгында ким менен? Көз каранды жана өзүнө ишенбеген бала мененби?

Ошондуктан көпчүлүк аялдар эркектердин ашыкча сезимтал болгонун жактырышпайт.

Бой көтөргөн эгоист

Эгерде ал чын дилинен өзүн эң акылдуу, сулуу жана өз ишинде эң таланттуу деп эсептесе, анда ал жакында жалгыз калат. Сизди жокко чыгарып, өзүнүн мыкты жана уникалдуу экенин далилдей берген адамдын жанында болуу эч кимге жага бербейт. Эгерде эркек өзүнүн эле каалоолорун таанып, өзү жөнүндө гана сүйлөгөндү жактырса, башкаларга акыл үйрөтө берсе андан баардык аял качканы таң калычтуу эмес.

Өзүн төмөн жана татыксыз сездирген эркектин жанында жүрүүнүн кереги жок.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.