Ийгиликке жетпечү адамдардын сөзүндө бар 6 фраза
Албетте, сүйлөөдө интонацияга көңүл буруш керек, бирок, сизди капа кылчу адамдын сөздөрүндө мындай сөз айкаштары сөзсүз болот.
Байкап көрсөңүз, маектешиңиз башында эле убадасын аткарууга ниети жок экенин түшүнө аласыз. Анын колдонгон сөздөрүнө, сүйлөгөн интонациясына, жаңсоолоруна көңүл буруңуз. Мунун баары маанилүү.
Бирок, төмөндөгү 6 сөз айкашы өтө маанилүү. Алардын сөздө болушу адамдын өзүн ийгиликсиздикке программалап жатканынын белгиси.
1. "Мен колумдан келгендин баарын кылам..."
Эгер сиз бул сөз айкашын уксаңыз, анда резервдик план жөнүндө ойлонууга убакыт келди. Бул адам колунан келгендин баарын жасабайт.
Чындыгында, бул сөз айкашы, адамдын тапшырманы аягына чыгара албасын түшүнүп турганын көрсөтүп турат. Кырдаал мындан ары кандай бурулбасын, баары ийгиликсиз аякташы ыктымал.
2. "Келгиле, бул тууралуу кийинчерээк сүйлөшөбүз"
Бул сөз айкашы көп учурда карама-каршыны билдирет. Аны айткан адам мындан ары сиз менен тигил же бул маселени талкуулабайт.
3. "Сиздин маселе боюнча менде бир нече ойлор бар"
Мыкты идеялар жөнүндө сөз кылуу - көңүл бура турган учур. Бул убакытты чоюу үчүн жасалган амал.
Эгер идея чындап эле мыкты болсо, анда маектешиңиз аны жөн эле кылмак.
4. "Мен аракет кылам"
"Жылдыздар согушу" тасмасындагы Мастер Йоданын сөздөрү менен айтканда, аракет кылуу деген нерсе жок - же кыласың, же кылбайсың. "Мен аракет кылам" - бул "мен ийгиликсиз болоорун билем" дегенди билдирет.
5. "Чынында..."
Бул фраза зыянсыз көрүнөт, туурабы? Бирок, көп учурда, бул көйгөйлөрдүн жарчысы болуп саналат. Бул фразадан кийин маектеш өзүн актоого жана баары жакшы болот деп айтууга аракет кылат.
Бирок анын сөзүндө эч кандай ишеним жок. Чындыгында, ал буга чейин эле өзүн ийгиликсиздикке буруп койгон.
6. "Мен сага сөз берем"
Өзүнө ишенген адамдар бул сөздү колдонушпайт. Анын эмне кереги бар? Аны айтуу менен бир нерсе өзгөрүп кетпейт.
Эгер адам сизге ишенсе, анда кылаарыңызга да ишенет. Болбосо, мындай кепилдиктин мааниси жок.