Ийгилике жеткирчү жөнөкөй эмес 15 "керек"

Белгилүү болгондой биздин жашообузду түп тамырынан өзүбүздөн башка эч ким өзгөртө албайт. Чынында, өзгөртүү оор.

Кандай кылсак туура, кандай курал колдонуу керек, кандай кадамга баруу керек белгисиз. Бирок, чындыгында алда канча оңой, бир караганда оңой көрүнгөн 15 шартты эстеп калып, аткарып турсаңар жашооңор болуп көрбөгөндөй өзгөрөт.

 

 

1. Эң жөнөкөйү - ыңгайлуу шарттан чыккандан коркуп, мурда жасабай жүргөн нерселерди жасагыла.

2. Коркуп жана ар кандай шылтоо менен качып жүргөн телефон коңгуроосун кылгыла. Мындай коркунучтуу номер ар бирибизде бар.

3. Азыр туруп жүргөнүңөрдөн да эрте тургула. "Ансыз деле эрте саат 6да турам",-деген жарабайт. Демек будильникти 5ке коюш керек.

4. Алганыңарга караганда көбүрөөк бергиле. Бул эч качан өзгөрбөш керек. Керектөөчүгө айланбагыла.

5. Сизге карата ырайымсыз жана адилетсиз болгонго дагы боорукер болгула.

6. Кандай тантык угулбасын - ката кетиргиле. Негизгиси андан коркпош керек. Өз каталарыбыз менен гана мыкты болуп, коюлган максатка жетебиз.

 

7. Өзүбүзгө жумшашыбыз керек. Кеп акча жөнүндө эмес. Өзүбүздү өзүбүз өнүктүрүү ийгиликтүү келечеке туура жол.

8. Кандын акыркы тамчысына чейин күрөшүү керек.

9. Чындап жардам бергиси келгендерди укканды үйрөнүү керек. Жолдон адаштыргысы келген бош сөздөргө көңүл бурбоо керек.

 

10. Кандай гана кырдаал болбосун өзүңүздүн түшүндүрмөңүз болуш керек. Айланадагылардыкы ишенимдүү жана негизделген болгон күндө да.                       

11. Канча жол болбосун эң татаалын тандап алыш керек. Аягында сиз күткөн жыйынтык болбогон күндө да алынган тажрыйба кийин жардам берет.

12. Алдыга жетишпей калуудан коркуп турганга кыска мөөнөт коюш керек. Жыйынтыгында убакытты сарамжалдуу колдонгонго болот.

 

13. Келесоо болуп көрүнгөндөн коркпош керек. Кызыктуусу, ушундай адамдар айланасында терс кабыл алынбайт.

14. Бут калчылдап, дем алуу оорлогондо да чуркаганды катуулатыш керек.

15. Аркаңызда эч ким жок болсо да башчылык кылуу керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.