"Ишиңер болбосун!" Аялдарга бергенге болбой турган адепсиз суроолор

 

 

 

30га чыккан аял, балдары жок

Туугандары: "Эмнени күтүп жүрөсүң",- деп сурашат. Достору:"Убакыт өтүп жатат",-деп четин чыгарат. "Кара, кеч болуп кетет",-деп улуулар насаатын айтат. "Ойлонуп көрөйүн" же "Азырынча даяр эмесмин", - деп бир нерсе жооп бергенге аракет кылат, жалгыз калганда эрдин кесе тиштейт.

Себеби төрт жолу боюнан түшүп калган. Себеби күйөөсү экөө беш жылдан бери аракет кылып, болбой жатат. Себеби күйөөсүнүн биринчи аялынан үчөө бар, башка балалуу болгусу келбей эле. Себеби бойго бүтүрүүнүн жалгыз жолу-ЭКО, ага акчасы жок. Себеби ЭКО да жардам бере албайт. Себеби күйөөсү тукумсуз, ал эми донорго макул эмес. Себеби достору экинчи баласын күтүп жатат. Себеби кошунанын кызы үчүнчү жолу аборт кылдырып жатат, ал болгону 18 жашта. Себеби жумушунан үчүнчү аял кечээ декретке кетти. Себеби баардык күчүн жумшап жаткан илимий проекти эч кимге маанилүү эмес. Себеби баласына ата болчу адамды жолуктура элек.                       

Дагы бир аял, 34 жашта, 5 баланын энеси

"Мынчаны эмне төрөдүң?"-деп таң калат кошунасы. "Сактанып көргөн жоксуңарбы,"- деп күлөт досу. "Футболдук команда түзүп жатасыңарбы",- деп өтүп бараткандар жөн өтпөй тийишет. "Демографиялык программаны толтуруп жатабыз" же "Мага оор деле эмес",- деп тамашаламыш болот, жалгыз калып эринин тиштейт.

Себеби боюнда алтынчы баласы бар, тамашалар эки эсе көбөйөөрүн түшүнөт. Себеби кичине кезинен чоң үй бүлө кургусу келчү, айланадагылар эмнеге кыжырданып жатканын түшүнбөйт. Себеби балдар деп карьерасын таштаган. Себеби жашыруун пайда үчүн, "баатыр эне" наамын, ар кандай жеңилдиктерди алыш үчүн төрөп жатат деп шектенишет. Себеби чарчадым деп эч кимге айтканга укугу жок, "эмнеге мынчаны төрөдүң",-деп айтышаарын түшүнөт. Себеби өзү деле мыкты эне экенинен балдарына жетишээрлик көңүл буруп жатканынан күмөн санайт. Себеби беш жылдан бери боюнда болуу-төрөө-эмизүү айланма циклинде болуп, эч жака чыга элек. Себеби достору 35 жашына чейин дүйнө жүзүн кыдырышты, ал балдары менен чыга албайт. Себеби күйөөсү алтынчысын суранып жүрөт, ал эми анын алы жок калды.

 
Дагы бир аял, 40 жашта, бир баласы бар

"Экинчисин качан?"-деп сурайт кайненеси. "Буга бирдеңке болот деп коркпойсуңбу?"-деп коркутат көп балалуу досу. "Башка төрөй алган жоксуңбу?"-деп башын чайкайт кошунасы. Ал ансыз деле бактылуу экенин айтат, жалгыз калганда эринин тиштейт.

Себеби бир жолу эптеп боюнда болгон. Себеби баласы дагы бир тууган төрөп беришин сурап жүрөт. Себеби биринчи төрөттөн кийин экинчи төрөй албагандай болгон. Себеби баласы гиперактивдүү, экинчисине чыдабайт. Себеби өзү үчүн жашагысы келет, өзүн эгоист сезет. Себеби күйөөсү экинчисин таптакыр каалабайт. Себеби ажырашып кеткен, башка күйөөгө тие элек. Себеби жумушун таштай албайт. Себеби эне болуудан көңүлү калган, бирок моюнга алгандан өзүнөн да уялат. Себеби эрте климакс келген. Себеби жакыр үй бүлө.                       

 

Мындай аялдар толтура. Булар биздин кошуналарыбыз, досторубуз, кесиптештерибиз, тааныштарыбыз, досторубуздун аялдары, досторубуздун эжелери. Аларга өздөрү сурамайынча биздин оюбуз да, кеңешибиз да кереги жок.

Эмнеге анча баласы бар экенин сураганга ичиңер жарылайын деп жатса да, эсиңерде болсун: СИЛЕРДИН ИШИҢЕР ЭМЕС!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.