Интернетте жаңы оптикалык иллюзия популярдуу болуп жатат! Сен аны көрө аласыңбы?

Бир караганда бул жөнөкөй эле кыштан курулган дубал. Бирок, экинчи карасаң... Байкадыңбы, эмне катылып турат? Азыр түшүнөсүң!

Чынында бул “жаңы” оптикалык иллюзия интернетте 2014-жылы эле пайда болгон. Бирок ушул жумада ал кайрадан чыгып Фейсбуктун тренди болуп жаткан учуру.

Демек, сенин алдыңда – кыштан курулган дубал турат. Бир караганда, сүрөттүн так ортосунда, кыштардын арасына тыгылып калган кичинекей боз таш көрүнөт. Эми, иллюзия каякта?

Бир аз убакытыңды коротуп, сүрөттү жакшылап карап чык. Байкадыңбы? Байкабасаң, ылдый көздөй баракта.

Мына! Сен таш деп көргөн кыштардын арасындагы боз нерсе, чындыгында – кыштардын ортосуна 90°та тик сайылып турган сигара. Жактыбы?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.