Ичтин оорушу: бул карта оорунун себеби эмне болушу мүмкүн экенин айтып берет

Ич ооруганда, ичтеги кайсы орган ооруп жатканын так айта албайбыз. Ашказанбы? Өтпү? Ичегилерби? Варианты көп. Бул карта кайсы орган оору чакырып жатканын айтып берет.

 

 

Эң маанилүүсү, дарыгер гана так диагнозду коё алат. Бул картадан болгону, ооруну кайсы орган жаратып жатканын биле аласыз. Бирок анын так медициналык диагнозун чыгарганга болбойт. Өзгөчө көңүл буруучу нерсе, кээ бир ооруларда, дарыланууну токтоосуз башташ керек.

Ошондуктан, ооруну тоготпой койбоңуз. Эгер ооруну сезип турсаңыз, бирок убакыт менен ал өтпөсө, дарыгерге кайрылыңыз. Биз жогоруда айткандай, карта болгону ооруну жаратып жаткан органды гана көрсөтөт. Бул да болсо, ооруну күчөтүп жибербей, дарыгерге кайрылып, убагында диагноз койгонго шарт түзөт.

1, 4 жана 7 сандары оң тарапты көрсөтөт. 2, 5 жана 8 борборду жана 3, 6, 9 сол тарапты көрсөтөт. Карта төмөндө. Оорунун ордун табыңыз да, анын мүмкүн болгон себебин тактаңыз:

1. Бул областтагы оору көбүнчө өттөгү таштын, ашказан жарасынын жана уйку безинин сезгенишинен келип чыгат;

2. Эгер бул жерде оору сезсеңиз, мүмкүн болгон себептери: өттө таштын бардыгы, ашказан жарасы, кислотага рефлекс, диспепсия, уйку безинин сезгениши, эпигастралдык грыжа;

3. Бул жер адатта ашказан жарасынын, он эки эли ичегисинин жарасынын, өттүн жолунун тосулуп калышынын, уйку безинин сезгенишинин айынан ооруйт;

4. Бул областтагы ооруну көбүнчө өттө пайда болгон таш, заара чыгаруу жолдорунун сезгениши, ич катуу, уйку безинин сезгениши чакырат;

5. Бул жерде пайда болгон оору уйку безинин сезгенишинен, аппендикстин сезгенишинин эрте стадиясынан, ашказан жарасынан жана киндик грыжасынан кабар берет;

6. Эгер бул жерден оору сезсеңиз, мүмкүн болгон себептери: өттөгү таш, дивертикулярдык оору, ич катуу, ичегилердин сезгениши;

7. Бул областтагы оорунун себеби: аппендикстин сезгениши, ич катуу, гинекологиялык көйгөйлөр (эндометриоз ж.б.) чаттын грыжасы, бөйрөк инфекиялары;

8. Бул жердеги оору заара системасынын сезгенишинен, аппендикстин жана жоон ичегинин сезгенишинен, гинекологиялык көйгөйлөрдөн, дивертикулярдык оорулардан келип чыгышы мүмкүн;

9. Бул областтагы оору көбүнчө дивертикулярдык оорулардын айынан болушу мүмкүн, ал эми жамбаш жагындагы оору гинекологиялык көйгөйлөрдүн, чаттын грыжасынын, бөйрөк инфекциясынын аркасы менен болушу мүмкүн.

Көңүл буруңуз! Бул маанилүү!

Бул картаны болгону профессионалдуу консультация алдындагы жардам катагы гана колдонууга болот. Медициналык кароодон кийин гана, оорунун булагы эмне экенин аныктаганга мүмкүн.

 

Кыргызчага которгон anan.kg

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.