Хюрремдин 7 сүйүү сыры, же султандын жүрөгүн кантип багындыруу керек

Акылдуу, сулуу, бай жана айымдардын назарынан калбаган эркектин көңүлүн багындыруу оңой-олтоң иш эмес. Анын жалгыз, түбөлүктүү өмүр жарына айлануу мүмкүн эместей көрүнөт.

“Даңазалуу доор” сериалынын каарманы Хюрремдин, дүйнөнү башындыруучуну эркиндигинен ажыратып жана ал үчүн бирден-бир болууга кантип алы жетти экен?

“Даңазалуу доор” сериалынын башкы каарманы Сулейман султандын айланасында, ал үчүн бардык нерсеге даяр көптөгөн сулуу айымдар болгон. Мындай учкан кушту торго кармоого сулуу болуу жетиштүү эмес. Көп убакта Хюрремди сыйкырчы деп аташкан – бирок ал Сулейманды кантип сыйкырлап алган?

1- эреже

Өзүнө көңүл бурдуруу

Көп сулуу айымдардын арасында көрүнбөй, жоголуп кетишиң мүмкүн. Башкалардан айырмалануу үчүн тобокелчиликке барып жана жаңы бир нерсе ойлоп табууга туура келет. Хюррем “чү”дегенде эле авантюрага барган. Гаремге түшкөн биринчи күнүндө эле өзүнүн тайманбастыгын көрсөткөн – султанды атынан кыйкырып атаган. Анан болсо – коркконун көрсөтүп, анын кучагына “эсинен танып” жыгылган.

Бул коркунучтуу аракет, бирок анын жок дегенде эле 3 плюсу бар. Биринчиден, мындай жол менен Хюррем башкалардан айырмаланып, бөлүнүп чыкты. Экинчиден, ал өз деңгээлин күңдөрдөн өйдө коёрун көрсөттү.

Анан дагы, бул жок дегенде Сулеймандын кызыкчылыгын жаратты: “Өзүңдү башкалардан өзгөчө сезгидей, сен эмнең менен кызыксың?”. Ынтызардык – бул кызыгуу пайда кылуучу импульс, өз кезегинде сүйүүнүн пайда болушунан кабар берет. Үчүнчү плюс – өзүнүн алсыздыгын, морттугун көрсөтүү. Бул тууралуу төмөндө кеп кылабыз.

2-эреже

Өз сүйүүсүн көрсөтүү

Сулейман, жанында болуп калууда ар бир айым өзүн бактылуу сезчү позицияда болгон. Ал улуу султан гана эмес, биринчиден эркек. Бардык эле эркектердей, анын да аялга жакпай калуу комплекстери жана коркунучтары болгон.

Эркек жагымдуу экенин билүүсү ал үчүн маанилүү. Эркекке, аны менен болууга жан уруп жатканыңызды көрсөтүү менен ал үчүн коопсуз, комфорттуу чөйрө курасыңар. Сиздин ага жакындаганга аракет кылып атканыңыздын себеби, андан пайда алуу же дагы кандайдыр бир керт башыңыздын кызыкчылыгы үчүн эмес экенин билүүсү ага маанилүү.

Хюррем чыгыш бийин бийлөө менен аны өзүнө ашык кылды. Бул өз позициясын бекемдөөдө чоң салым болгон. Ынтызарлыкка кошумча, ал султандын кызыгуусу менен мактоосуна ээ болду жана өзүнө коопсуз атмосфера түздү.

3-эреже

Өзүнүн алсыздыгын, андан көз карандылыгын көрсөтүү

Ар бир эркек айымынын алдында күчтүү, кудуреттүү сезгиси келет. Ал аялдын коргоочусу жана тиреги болгусу келет. Ошондуктан, анын ушул сапаттарын көрсөтүү менен, аны өзүңө ого бетер байлайсың.

Бул ыкманын эффектүүлүгүн Хюррем эң башында эле, Сулеймандын кучагына жыгылып, текшерген. Ошондуктан жинденген Махидевран ага кол салганда, күчтүүрөөк болсо да, ага жооп кайтарган эмес. Хюррем таяк жеп, аны менен дагы бир нече коёнду атып өлтүрдү.

Хюрремдын бул аракети Махидевранды куралсыздандырды – анткени, аялдын эң жаман сапаттарынын бири – агрессивдүүлүк, кан кызуулук – сыртка чыккандан кийин, Сулейман андан такыр тетири карап калды. Ошондой эле, бул султандын мыкты эркектик сапаттарын көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.

4-эреже

Окутуучу болууга мүмкүндүк берүү

Эгер кумарага урук салсаңыз жана андан гүл өстүрсөңүз, дүкөндөн сатып алган даяр гулгө караганда, аны дайым сүйүп жана кам көрөсүз. Сиз аны чаң жугузбай коргогуңуз келет. Ушул сыяктуу эле, кандайдыр бир салымыбызды кошкон адамдарды да сүйөбүз. Ошондуктан, эркекке өзүңүздүн окутуучуңуз болууга мүмкүндүк берүү менен, анын айткан сөздөрүн угуу менен, ага болгон кызыкчылыгыңызды көрсөтөсүз – демек, өз позицияңызды бекемдейсиз.

Нигяр калфанын кеңеши менен Хюррем исламды кабыл алат. Бирок, чечкиндүүлүгү жок Гүлнихалга караганда, бул сураныч менен түз эле султанга кайрылат. Ошону менен, султан анын ички дүйнөсүн өзгөртө алчу маанилүү адам катары сезишин камсыздап алды.

Материалдык байлыгына кошумча Сулейман өзүн, өз колу менен өзү ишенген нерселерди адамга таңуулай алган адам катары сезип калды.

5-эреже

Анын ишине кийлигишпөө

Көпчүлүк айымдардын негизги катасы – сүйүктүүсүнүн бардык иштерине катышууга умтулуу. Жумушу тууралуу сөздөр чындап эле жакын дос катары сезгендей кылат, бирок ал, эркек үчүн маанилүү болгон тынчтык атмосферасын бузат. Эркектин бардык ишин билип туруу үчүн анын жеке мейкиндигине кирип кетүү туурабы?

Хюррем Сулеймандын мамлекеттик иштерине кийлигишкен жок. Тескерисинче, анын жанында болуу менен, анын бардык көйгөйлөрүн унуткаруу маанилүү болгон. Султан аны менен сүйлөшүп жатып, өш иштери тууралуу ойлонуусун Хюррем каалаган эмес.

Тескерисинче, империя үчүн бардык жоопкерчиликти сездирбегенге аракет кылган. Бул аялдын эркекке бере алчу эң чоң белеги. Мына ушундай абалда болуу үчүн эркек сүйүктүүсү менен болгусу келет, башка менен эмес, сүйүктүүсү менен көп убакыт өткөргүсү келет.

6-эреже

Шайыр жана бейкам болуу

Арызданганды жана ыйлактаганды эч ким сүйбөйт. Албетте – көз жаш эркекти манипуляция кылуунун жакшы инструменти, бирок ал белгилүү бир интервалда гана иштейт. Аны чектен чыга турган маалда гана колдонууга болот – сүйүү форс-мажору болуп кеткен күндө, кыска убактуу эффект керек болгондо. Узак убактуу эффект үчүн тескерисинче кыймылдаш керек. Тагыраагы – эркек үчүн жарык менен кубанычтын булагы болуу керек.

Сулейман Хюрремди көп убакта, “терезедеги жарыгым, түбөлүк майрамым” деп атаган. Ал дайым жарык чачып жана бактылуу көрүнгөн. Бул жөн жерден эмес. Ушундай жол менен ал өзүн мамлекеттик иштерден сырткары көрсөткөн, айланасында кубанычтын, майрамдын атмосферасын түзгөн.

7-эреже

Анын жакындары менен ачык конфликтке барбоо

“Танда, же мен, же алар!” Мамиледеги эң жаман сөздөр. Эркек аялды чексиз сүйүшү мүмкүн, бирок энесине болгон сүйүү ал үчүн баары бир маанилүү болот. Жубайыңыздын жакындары тууралуу жаман сөз айтуу коркунучтуу. Тынчтык атмосферасын бузганы аз келгенсип, - “эки оттун ортосунда” калган эркек, өзүн дайым чыңалган сезет. Ошентип, аялдын образына потенциалдуу коркунуч кошулат – себеби ал эркекке кымбат нерселерге кол салып, коркунуч жаратып жатат.

Ката кетирип жана байкоо жүргүзүү менен Хюррем, султанга жакын адамдар тууралуу жаман сөз айтуу коркунучтуу экенин түшүнгөн. Ибрагим вазир коркутуп жатат деп айтуу менен, султандын каарына кала жаздаган. Сабак болгондон кийин, ал өзүн башкача алып жүрүүгө өткөн. Мүмкүндүк болгон жерде Ибрагимге болгон сыйын Сулейманга билгизип турган. Султандын энеси тууралуу да, ал канчалык катаал мамиле кылган күндө да жаман сөз айткан эмес.

Хюррем, султандын карындашы Хатижа жаман нерселерге дуушар болгондо кабатырланганын көрсөтүп турат. Султандын биринчи баласы Мустафага кубанып турат. Так ушул, Сулейманды туугандарына каршы тукурбагандыгы мыкты иштейт. Хюрремдин таза жана бузулбаган образы, Сулеймандын аркасынан интрига кылгандардан автоматтык түрдө жогору көтөрүп турат.

Хюрремдин иштеп чыккан сүйүү формуласы так ушундай. Эгер аны аркаласаңыз, эч кандай “султан” сизден качпайт. Аты жогуңуздагы нике шакегиңиз эч качан чечилбейт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.