Гүлдү тандаңыз. Ким экениңизди 100% айтып беребиз

Жаккан 1 гүлдү тандаңыз сиздин кандай адам экениңизди айтып беребиз. Гүл сулуулуктун гана символу эмес, ал адамдын ички дүйнөсүн да айтып бере алат. Анда кеттик!

 

 

1-гүл

Бул гүл башка гүлдөр кышкы уйкуга кеткенде гүлдөп баштайт. Сиз бул гүлдү тандасаңыз сиз өзгөчө адамсыз. Маанайыңыз бат-бат алмашып турат. Кандай учурда болбосун адамдардын көңүлүн ачууга даярсыз. Адамдар менен кандай темада болбосун сүйлөшө аласыз. Жакын адамдарга берилүү менен мамиле жасайсыз.

2-гүл

Бул гүл тазалыктын символу. Сиздин аураңыз жанып тургандыктан сизге адамдар тартылып турушат. Сиз адамдардын катылып жаткан таланттарын ачууга кудуретиңиз жетет. Сиздин жардамыңыз менен айланаңыздагы адамдар чоң иштерди, ачылыштарды жасашат.

 
3-гүл

Бул кызыл роза сулуулуктун символу. Сиз жакындарыңзга берилген, жакшылыгын аябаган адамсыз. Бирок сизге жамандык кылгандардын сазайын бересиз. Эки жүздүүлүктү жаман көргөн түз адамсыз. Адамдардын бетине айтканда жакшы көрөсүз. Бул гүлдү тандагандар эр жүрөк, эч нерседен тайманбаган адамдар.

 
4-гүл

Кара роза. Бул сейрек кездешүүчү гүл. Сиз дагы бул гүлдөй эч кимде жок таланттарга ээсиз. Эч кимге окшобогон, өзгөчө мүнөзгө ээ болушат. Көп адамдар сизди туурашат бирок сиздей боло алышпайт анткени сиз жаратылыштан ушундай өзгөчөсүз.

 
5-гүл

Бул гүл жаздын символу. Суук жакшы кете электе гүлдөп баштайт. Сиз жүрөгү таза, назик адамсыз. Ички дүйнөңүз ушундай назик болгондуктан бардык нерсени жүрөгүңүзгө жакын кабыл алып, адамдарга бат эле таарынып каласыз.

 
6-гүл

Орхидея байлыктын, достуктун символу. Бул гүлдү тандаган адамдар атактуулукка умтулушат. Койгон максаттарды ишке ашырмайынча токтоно албайсыз. Өзүңүз менен өзүңүз сыймыктанасыз.

Facebook барагыбызга жазылыңыз