Гемоглобинди түшүп кетиши эмнени билдирет? Мүмкүн болгон 17 себеби

Эритроциттин курамы гемоглобинден – бул клеткаларга кызыл өң берген негизги белоктон турат. Гемоглобиндин негизги кылган кызматы кычкылтекти өпкөдөн башка органдарга жеткирүү жана иштелип чыккан көмүр кычкыл газын сыртка чыгаруу үчүн кайра өпкөгө жеткирүү.

 

 

 

Эгер кандын анализинде гемоглобиндин деңгээли төмөн деп белгиленсе, демек сизде анемия – ар түрдүү факторлордун аркасы менен келип чыккан жайылган патология бар дегендик. Ошондой эле гемоглобин көтөрүлүп кеткен убактар да болот, бирок мындай абал өтө сейрек кездешет.

Анемия болгондо, адамдын клеткалары жетиштүү деңгээлде кычкылтек ала албайт, анын айынан алсыздык, чарчоо, дем алуунун оорлошу, жүрөктүн бат-бат согушу, дененин кубарышы, өзүн жаман сезүү сыяктуу симптомдор пайда болот. Симптомдордун оордугу гемоглобиндин деңгээлине жараша болот.

Гемоглобиндин түшүп кетишинин мүмкүн болгон себептери

Анемия төмөнкү факторлордо келип чыгышы мүмкүн:

- кандагы кызыл клеткалардын азайышы;
- кан жоготуу;
- эритроциттердин интенсивдүү бузулушу.

Эроитроцит продукцияларынын бузулушу төмөнкү патологиялык абалдарда байкалат:

- темирдин, В12 витамининин же фолий кислотасынын жетишсиздиги;
- кан системасынын оорулары (лейкоз, лимфома, миелома);
- апластикалык анемия;
- калкан безинин функциясынын төмөндөшү;
- химиотерапия же нур терапиясы;
- бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги;
- боор циррозу;
- коргошун менен уулануу.

Эроитроцит продукцияларынын интенсивдүү бузулушу төмөнкү патологиялык абалдарда байкалат:

- ай формалуу-клеткалуу анемия – тукум кууган патология, эритроциттер ай формасын алат, туура эмес иштейт жана бат бузулат;
- талассемия – тукум кууган оору, гемоглобинди иштеп чыгуу (синтез) бузулат;
- порфирия;
- васкулит;
- аутоиммундук гемолитиялык анемия;
- гиперспленизм.

Постгеморрагиялык анемия төмөнкү абалдардан келип чыгат:

- сырттан же ичтен катуу кансыроо;
- өнөкөт кансырап туруу (жаралар, геморрой);
- айыз маалында катуу кансыроо.

Гемоглобиндин көтөрүлүп кетишинин мүмкүн болгон себептери

Жогорку деңгээлдеги гемоглобин сейрек кездешет, анын пайда болуу факторлору төмөндө:

- тоолуу аймакта жашоо;
- тамеки чегүү;
- кээ бир кан оорулары;
- өпкөнүн өнөкөт оорулары;
- эритропоэтин менен передозировка.

Гемоглобинди көтөрүлүп же түшүп кетүү себебин билиш үчүн кошумча изилдөө керек болот.

Ден соолукта болуңуз! Макаланы досторуңуз менен бөлүшкөндү унутпаңыз!

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.