Жол эрежесин бузган жөө адамдарга кантип сабак беришүүдө. Мындан кийин экинчи кызылдан өтпөй калчудайсың (видео)

Жакында эле Францияда кызыктуу жана сабак болуучу эксперимент өткөрүштү.

Көбүбүз эле светофордун сигналын карабай, жолдо машина жок болсо эле өтө берээрибиз сыр деле эмес. Бирок машиналар кайдан чыга калганын байкабай деле калабыз.

Француз бийлиги жол жүрүү эрежесин бузган жөө адамдар менен күрөшүүдөн майнап чыкпасы көрүнгөндөн кийин, элдин аң сезимине жеткириш үчүн, алардын өзүн сактоо инстинктине таасир калтырыш керек экенин түшүндү.

Чындап эле: Жол жүрүү эрежесин бузганды токтотууга болгон чакырыктар майнап бербесе – балким, коркутуп көрөбүз?

Мына эми, алар эмне ойлоп табышты?

Элестетсеңиз: жолду карап, машина жок экенине ынангандай кийин, ойлонгонуңузду уланткан бойдон жолду өтүп баштайсыз. Бир маалда – кулак тундурган тормозду үнү!

Сиздин реакцияңыз кандай болот? Дагы элестетсеңиз: ушул убакта сизди жашыруун камера тартып жатканын. Ал аз келгенсип, сиздин калчылдаган физиономияңыз жакынкы жарнама тактасынан, “Өмүрүңдү тобокелге салба!” деген жазуу менен коштоп чыгып жатканын.

Кандай дейсиз, ушундай окуядан кийин, эмки жолу светофор кызыл күйгөндө өтөсүзбү?

Бул кандай болгонун төмөнкү видеодон көрүңүз:

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.