Физиктер суунун жаңы абалын ачышты

Физиктер суунун 40 жана 60 градус ысыкта башкача абалга өткөнүн байкашты. Бул материянын жаңы түрү болушу мүмкүн.

Суу жашоонун булагы, дүйнөнү көбүн суу курчап турат. Ал эмес адамдын организминин 60 пайызы суудан турат. Суу деген маанилүү заттын жаңы абалы жаралууда. Буга чейин суунун; катуу, суюк жана газ түрүндөгү абалын билсек, эми окумуштуулар 40 жана 60 даражада суунун башка абалга өткөнүн байкашты. Суунун  плазмалык абалын да буларга кошсо болот. 

Бул жаңы абалды Оксфорд университетинин мугалими Лаура Маестро эл аралык изилдөөчүлөрдүн тобу менен изилдей баштады. Изилдөө али аягына чыга элек. Суунун молекулалары өтө аз убактын ичинде башкача байланышты түзүп кайра башка абалга өтөт.Бул окумуштуулардын кызыгуусун пайда кылууда.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.