Финляндияда бардык кош бойлуулар ушундай коробка алышат. Ичиндегиси сүйүндүрбөй койбойт

Белгилүү болгондой, жаңы төрөгөн энелерде көйгөй жетишээрлик болот: баланы убагында тойгузуш керек, кургак кармаш керек дегенде, анан дагы эне болуу статусуна да көнүш керек.

Бардыгына кандай жетишиш керек - жообу мурда эле табылган, бирок, теорияда айтылган менен кыла келгенде оор эле болот.

 

 

Ошондуктан, Финляндиянын камкор өкмөтү, бул өлккөдө төрөгөн аялдарга жардам кылууну чечиптир, башкача айтканда, керектүү оокаттардын универсалдуу топтомун ойлоп табышыптыр. Булар, жаңы эле балалуу болгондорго жардамы тийүүчү, бала бир жашка чыкканга чейинки маанилүү жана керектүү нерселер.

Ичине киргендери: кийим, бала үчүн минималдык топтом жана бир нече окуу куралы. Ошондой эле кутунун өзүн бешик катары да колдонсо болот, анткени анын ичине бала батат жана ичинде жумшак матрацы менен төшөгү да бар.

Чоң финндер, чындай бешиктерде өздөрү да жатышканын айтышат. Алар ойлонбостон балдарына бул кутуну тандашат, анткени кээ бир ата-энелер үчүн баласын камсыздоо оорчулук жаратат, кээде сырттан жардам да керек болот.

Төмөндө видеосун көрүңүз:

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.