Фасоль-төө буурчактын пайдасы жана зыяны

Кадимки төө буурчактын адамдын организмине пайдалуулугу, дарылык касиети, химиялык курамы жана элдик медицина колдонулушу тууралуу сөз кылалы.

 

 

Буурчактын пайдалуулугу

Төө буурчак байыркы өсүмдүк,  чанак дандуулардын түркүмүнө кирет. Атактуулугу жагынан соя кийинки орунду ээлейт. Биз азыр төө буурчактын эң кеңири тараган түрүнө токтололу. Төө буурчактын мекени – Түштүк Африка. Төө буурчакты биринчилерден болуп индеецтер эгишкен.  Бул тууралуу байыркы  Кытай жазмаларынан табылган.

 Клеопатра  ханыша төө буурчакты жашартуучу маска катары колдонгон. Ал эми кургатылган төө буурчактын күкүмү эң сонун упа болгон. Наполеон Бонапарт дагы төө буурчакты булчуңдарга күч берет, мээни  иштетет деп тамак-ашка кеңири колдонгон.

Ал эми Россияга төө буурчак XVII кылымдын аягында келген,  аны орустар “француз даны” деп аташкан.  Англичандар төө буурчак тууралуу голланддардан угуп билишкендиктен “Голандия буурчагы” деп айтышчу.

 

Төө буурчактан даамдуу шорпо, гарнирлер даярдалат. Мындан тышкары дагы көптөгөн түркүн тамак-аштар даярдалат. Мисалы атактуу грузин тамагы лобио дагы буурчактан жасалат эмеспи. Айтмакчы эң башында жаңы жылдык дасторкондун ажарын ачкан  классикалык винегретке дагы жашыл таруу эмес, так ушул төө буурчак кошулуп жасалган.

 

 

 
  • Төө буурчак этти алмаштыра турган азык. Төө буурчактын курамындагы белок эттики менен теңме тең, анан калса жеңил сиңет.
  • Вегетариандар, диета, орозо  кармагандарга эң керектүү  тамак.
  • Кандагы канттын деңгээлин азайтат.
  • Нерв системасына пайдалуу.
  • Шишиктерди кетирет, анткени  буурчактын курамында заараны куучу калий бар.
  • Төө буурчактын курамындагы күкүрт заты адамдын жугуштуу оорулардан оолак болушуна шарт түзөт.
  • Атеросклерозе ижана аритмияга илдетине чалдыккандар диета кармаганда төө буурчакты колдонушат.
  • Иммундук системанын чыңдалышына көмөкчү.
  • Жүрөк кан тамыр оорууларына жакшы.
  • Ич катканда дагы  төө буурчак пайдалуу.
 
Төө буурчактын зыяндуулугу

Төө буурчактын дагы зыяндуу жактары бар экен, мисалы  чийки төө буурчакта уулуу лектин заты бар болгондуктан, төө буурчакты 30 мүнөттөн кем эмес демдеп бышырып алыш керек.

  • Чийки буурчак жегендер ууланып калышат.
  • Адамдын ичин көптүрүп желди пайда  кылат.
  • Ашказанында он эки эли ичегиде жарасы бар бейтаптар жегенге болбойт.
  • Боюнда барларга дагы төө буурчак жегенге болбойт.
  • Ачкарын дагы төө буурчакты жегенге болбойт.
  • Ичеги-карын, ашказаны, өтү ооругандар жегенге болбойт.
  • Боорго зыяндуу.

 

 

Тамак-ашка колдоно турган төө буурчакты 5 саатка чейин сууга салып коюш керек, төө буурчак чыланган сууга бир аз аш содасын кошуп коюңуздар. Негизи түнкүсүн сууга чылап койгон туура. Андан соң 1,5-2 саатка чейин таза бышырып алыш керек. Төө буурчактан даярдалган тамактарга  укроп или фенхель кошуп койсо  желдин пайда болушун азайтат.

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.