Фармацевтер бизди кантип алдашат: баары сатып алып колдонгон, пайдасы жок 13 дары

Сиз таң каласыз, бирок дарыканаларда пайдасы жок жүздөгөн дарылар сатылат. Ал дарылар дартты айыктырбайт. Кызыгы, көпчүлүгү Европа мамлекеттеринде сатылбайт, бизде болсо сатылмак түгүл, ТВдан байма-бай жарыяланып келет.

Алдыда, эң белгилүү пайдасы жок жана катуу рекламаланган дарылардын тизмеги:

 

1. Циннаризин

Таасир этүүчү заты: дифенилпиперазин.

Аналогдору: Стугезин, Стугерон, Стунарон.

Уулуу болгондуктан, өнүккөн өлкөлөрдө 1970-жылдардын аягынан баштап колдонулбайт.

Паркинсон оорусуна каршы циннаризиндин минималдык дозасын кабыл алганда, ооруну күчөтүп, адамды шал кылып, дем алуусун жана тамак ичүүсүн оорлотот.

2. Мезим форте

Таасир этүүчү заты: панкреатин.

Аналогдору: Фестал, Энзистал, Вестал, Гастенорм, Креон, Панзинорм, Панкреазим, Энзибене, Эрмиталь.

Мезим форте чочконун өтүнөн жасалат жана адамдын тамак сиңирүүсүн жакшыртат. Бирок бул ферменттердин организмге тийгизген таасири толук изилдене элек.

 
3. Арбидол

Таасир этүүчү заты: умифеновир.

Аналогдору: Арпетолид, Арпефлю, ОРВИтол НП, Арпетол, Иммустат.

Изилдөөнүн жыйынтыктары Арбидолду гриппке каршы натыйжалуу препарат деп тааныган жок. Чет өлкөнүн изилдөөчүлөрүн кызыктырган дагы жок. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул препаратты тааныбайт.

4. Геделикс

Таасир этүүчү заты: талаа чырмоогунун экстракты.

Аналогдору: Гедерин, Гелисал, Проспан

Жаш балдардын жана чоңдордун ОРВИ оорусуна каршы эффективдүүлүгү тастыкталган эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө эчактан бери эле сатылбайт.

 
5. Валидол

Таасир этүүчү заты: ментил эфир изовалериан кислотасы.

Аналогдору: Валофин, Ментовал

Медицинага тиешеси жок жалбыз конфета. Жүрөк оорусун сезген адам нитроглицериндин ордуна валидолду тил астына салып сорсо, анда инфаркт менен ооруканага түшөт.

6. Корвалол

Таасир этүүчү заты: фенобарбитал.

Аналогдору: Валокордин, Валосердин.

Бул препаратты сатыкка чыгаруу атайын органдардын көзөмөлүндө болуш керек. Адамдын организмин ууландырып, бангиликке алып келет. Көпчүлүк европалык мамлекеттерде фенобарбитал колдонулбайт, кээлеринде тыюу салынган.

Фенобарбиталды көп колдонуу боор, жүрөк жана мээге зыяны чоң.

 
7. Синупрет

Таасир этүүчү заты: дары чөптөрдүн жыйындысы.

Аналогдору: Тонзипрет, Бронхипрет.

Бул фитопрепарат Германияда 1933-жылдан бери колдонулат. Аны изилдөө бир жолу гана болгон – ал, аны чыгарган фирманын заказы менен өткөн.

8. Эссенциале

Таасир этүүчү заты: полиенилфосфатидилхолин.

Аналогдору: Эссенциале форте, Эссенциале Н, Эссенциале форте Н.

«Гепатопротектор» деп аталган бул препарат Америка, Австралия жана Европа мамлекеттеринде эч бир врачтары колдонбойт. Бул препараттар оорулууга сунушталбайт дагы.

1989-жылы 5 жолу клиникалык изилдөө болуп, бири дагы эффектүүлүгүн тапкан эмес.

 
9. Троксевазин

Таасир этүүчү заты: флавоноид рутин.

Аналогу: Троксерутин

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул препараттын адамга болгон таасири көрүнбөйт. Башкача айтканда, варикозго каршы эффектүүлүгү тастыкталган эмес.

10. Пирацетам

Таасир этүүчү заты: пирацетам.

Аналогдору: Луцетам, Мемотропил, Ноотропил, Церебрил.

Башка ноотроп препараттары сыяктуу эле, мурунку СССР мамлекеттеринде гана белгилүү.

Ойлонуп табылгандан бери эффектүүлүгү табылган эмес. Ал эми организмге болгон кыйыр таасирлерлери толтура. Өнүккөн өлкөлөрдө БАК (Биологиялык активдүү кошулма) катары тизмеге кирген.

 
11. Ново-Пассит

Таасир этүүчү заты: дары чөптөр экстракты

Аналогдору жок.

Анксиолитик - психотроптук зат катары колдонулат. Бирок эч кандай жардам берген заттары жок. Батышта сатылбайт.

12. Глицин

Таасир этүүчү заты: глицин.

Аналогдору: Гликокол, Амитон, Гликозил, Гликостен, Гликоликсир.

Препаратты пайдасынан зыяны көп биологиялык активдүү кошулма десе болот. Глицин – бул дары эмес, жөн гана аминокислота.

Ушуга чейин эч кандай клиникалык изилдөө болгон эмес.

13. Пробиотиктер

Таасир этүүчү заты: тирүү микроорганизмдер.

Таанымалдары: Хилак форте, Ацилакт, Энтерол, Бифилиз, Лактобактерин, Споробактерин.

Биздин педиаторлор кайра-кайра айткан «дисбактериоз» деген диагноз, башка чет мамлекеттерде жок. Пробиотиктерди оорулууга берүүдө, өнүккөн мамлекеттерде сактык кылышат.

Facebook барагыбызга жазылыңыз