Эскертүү, абдан коркунучтуу! Окутулган нерселер ушундай болот

Тилекке каршы, терс энергия менен заряддалган окутулган нерселердин көптөгөн түрлөрү бар.

Окутулган нерселер бир максатта жасалат - арналган адамга зыян келтирүү, бирок алар ар кандай багытта болушат.

Биздин редакция окурмандар үчүн окутулган нерселер тууралуу пайдалуу маалыматтарды даярдады.

 

1. Чаташкан жиптер

Чаташкан түйүн жип эң кеңири таралган кара дубанын бири. Кара жип жумушсуз калууга, жакырчылыкка, жубайлар урушуна жасалат.

Жүндөн ийилген жиптен жасалган түйүнчөк көбүнчө аялдын ден соолугун жабырлатуу же тукумсуздук үчүн колдонулат.

Көбүнчө бул түйүндөрдү жабырлануучу аны аттап өткүдөй кылып алдына байкатпай ташташат.

2. Ийнелер

Сыйкырчылардын дагы бир "сүйүктүү" куралы. Бул абдан тез активдешүүчү кара дуба, бирок кара дубанын булагын табуу абдан кыйын. Көбүнчө алар эшик тосмолоруна же плинтустун астына катылат. Көбүнчө ийнелер аркылуу оору жана жалгыздыкты дубалашат.

3. Заколка же тарак

Кара дубанын бул түрү көбүнчө уйкунун бузулушуна багытталган жана адатта аялга жамандык кылуу үчүн колдонулат, бирок алар жалпы ден-соолукка же бүтүндөй үй-бүлөгө да зыян келтириши мүмкүн - акыры жубайлар урушуп, ажырашып тынышат.

Адатта, мындай нерсе керебеттин же матрастын астына катылган.

4. Топурак

Адатта таза топуракты сейрек колдонушат жана бул өтө коркунучтуу белги болуп саналат. Көбүнчө мындай топурак олуттуу зыян келтирүү үчүн мүрзөдөн алынат.

Топуракты таштанды, дан, жаныбарлардын жүндөрү же туз аралаштырып ташташат. Мындай сюрприз, адатта, үйдө жашагандардын арасында дайым жаңжал болуп туруусу үчүн жабырлануучунун босогосуна чачылат.

5. Акча

Эгер сиз күтүлбөгөн жерден таштандыга же тузга аралашкан акча тапсаңыз (көбүнчө бул бир ууч тыйындар), аны эч качан колуңуз менен кармабаңыз.

Бул, ийгилик жана каржылык мүмкүнчүлүктөрдөн ажыратууга, бизнесте ийгиликсиздикке багытталган сыйкырдын объектиси болушу мүмкүн. Ал эми майда тыйындар көз жашка жана жакырчылыкка ыргытылат.

6. Оролгон, жипке байланган канаттар

Мындай «белектерди» жаздыкка салып коюшат. "Кастык" үчүн деп аталган бул дуба тооктун жүнүнөн же канатынан жасалат - жаман түштөр же уйкусуздук, чыр-чатактар ​​жана үй-бүлөдөгү кемчиликтер үчүн окутулат.

 

Албетте, мунун баары сөзсүз эле сизди окутуп койду дегендик эмес. Бирок, сак болуунун зыяны жок. Андыктан этият болушуңуз керек, бутуңуздун алдын, өзгөчө эшиктин босогосун караңыз.

Эгерде сиз буга чейин эле дубаландым деп шектенип жүрсөңүз, эшиктин тосмолорун, босогосун текшериңиз, ошондой эле терезелерди, подоконниктерди жана радиаторлорду текшериңиз. Босого менен полдун ортосундагы боштуктарга, полдун кошулган жерлерине фонарикти күйгүзүп караңыз.

Эгер жогорудагыларды, же ошого окшогон шектүү нерселерди таап калсаңыз, шыпыргы менен гезитке шыпырып, чогултуңуз. Шектүү нерсеге эч качан кол тийгизбеңиз. Ээн жерге алып барып өрттөп салыңыз. Түтүн сизди көздөй барбасын, алыс турууга аракет кылыңыз.

"Сюрприз" табылган жерди суу чачып жууңуз. Аягында колдонгон кол каптардан жана шыпыргыдан арылыңыз.

Эч качан башка адамдардын терс таасирине кабылып калбашыңызды каалайбыз!

Бул маалымат ар кандай интернет булактардан алынды жана жөн гана адамдарды сак болууга чакырат.