Эртең менен сергек туруш үчүн канчада жатыш керек? Бул таблица – чыныгы табылга!

Ушундай таттуу уктап жатканда, түштүн кызыгына мына киргенде, жинге тийген айгай сааттын (будильник) үнүнө ойгонгон кездеги сезимди баары эле жакшы түшүнөт. Өзүңө келе албай, кайда экениңди түшүнбөй... ошону менен күнү бою өзүңду жанчылгандай сезип жүрөсүң. Бирок, бактыга жараша, оңой ойгонуштун жолу бар экен.

 

 

Белгилүү болгондой, адам уктап жатканда уйкунун эки фазасы: ылдам жана жай, алмак-салмак болуп алмашып турат. Жакшы уйкуда 5-6 толук цикл өтөт. Окумуштуулар ар биринин узактыгын эсептеп чыгышып, кайсы убакта организм ылдам уйкуда болоорун табышты. Так ошол убакта адам оңой ойгонот.

Адам орто эсеп менен 15 мүнөт аралыгында уйкуга кетет, ошентип, эгер таңкы алтыда тура турган болсоңуз, анда жатуучу убакыт 20:45 же 22:15 болот. Төмөндөгү таблицада, эртең менен сергек ойгонуш үчүн саат канчада уйкуга жатыш керек экенин билсеңиз болот.

 

Бул кичине амал сизди сергек жана жакшы маанайда ойгонгонго жардам берет деп ишенебиз.

Түнүңөр бейпил болсун, таңыңар сергек болсун!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.