Эртең менен падышадай, түштө ханзаададай, кечинде кембагалдай тамактан

Жылмайыңыз. Маанайыңызды көтөрүп жакшы нерселерге кубанып, жылмайыңыз!

Сууну көп ичиңиз.

Суу адамдын көңүл кирин, оруу-сыркоосун, дегеле бардык жаман нерселерди жууп кетет.

Эртең менен падышадай, түштө ханзаададай, кечинде кембагалдай тамактанганга үйрөнөлү.

 

Жемиш, өсүмдүк, жашылчаларды көп колдонуп, чипсы, колбаса жана полуфабрикат тамак-аштарды азайталы.

Адам жаш курагына карабай кызыктуу оюндарды ойноп, баладай көңүл ачып, кубанганды билиши керек. Бул ден соолукка абдан пайдалуу!

Өткөң жылга караганда быйыл китепти көп окуйлу. Мээ жашарып, акыл-эс жаңырат.

 

Күнүгө жок дегенде 10 мүнөт тынч олтуруп мемиреп эс алыш керек.

7 сааттык уйку өмүрдү узартат.

Күн сайын 10-30 мүнөт сейилдеп басуу керек. Басып бара жатканда кейип-кепчибей бактылуулукту сезип, жылмайып коюңуз.

 

Өзүңүздун жашооңузду башкалардыкына салыштырбаңыз. Сиз суктанган адамдар кандай жолду басып өткөнүн билбейсиз.

Жаман учурларды, жаман адамдарды эстеткен сизге жагымсыз буюм-тайымдарды, сүрөттөрдү, кийимдерди сактабыңыз.

Өзүңуздү жемелеп жей бербеңиз.

Убакытты ушак айынга коротпоңуздар.

Көп кыялданып, кыял менен жашаңыздар. Кыялдар ишке ашат!

 

 

Убактыңызды көрө албастыкка коротпоңуз. Сизге керектүү нерсенин баарын Кудай таала бергенин унутпаңыз.

Өткөн көйгөйлөрдү унутуп, сүйуктүүңуздун мурда кетирген катачылыктарын эскерте бербеңиз. Бул адат азыркы бактыңызга балта чабат.

Убактыңызды жек көрүүгө коротпоңуз. Анткени жашоо кыска.

Бактылуу болушуңуз өз колуңузда

 

 

Жашоо мектеп. Көйгөйлөр бизге сабак.

Уруш-чатакта жеңүүчү болууга ашыкпаңыз. Урушта жеңилген адам утушка ээ болооорун эстеңиз.

Күн сайын башкалар үчүн жакшы нерселерди жасаңыз.

Бардыгын кечириңиз.

 

 

70 жаштан улуу карылар, 6 жаштан кичүү балдар менен көп убакыт коротуңуз.

Күнүнө кур дегенде үч адамга жылмайыңыз.

Жакшы нерселердин баары алдыда деп үмүттөнөлү!!!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.