Эртең менен кантип кыйналбай оңой турса болот?

Ар бир эле адамга эртең менен туруп жумушка баруу кыйындыкка турат. Эч ким таттуу уйкусун бузгусу келбейт. Эртең мененки уйку баарынан таттуу болот эмеспи. Канткенде кыйналбай турса болот, эмне кылуу керек?

 

 

Жатаар алдында телефон карабаш керек. Телевизордон жаңылык же эмоцияга таасир берчү видеололрду көрбөш керек. Ашыкча маалыматтар мээде иштетилип уйкунун тынч болуусун бузат. Уктаар алдында жакшы нерселерди ойлоп жатыш керек.

Мындан тышкары уктаар алдында курсакты өтө тойгузбаңыз. Уктаарга 2 саат калганда эч нерсе жебеңиз. Жеп алсаңыз ашказан түнү менен иштеп уйку тынч болбой калат. Ойготкучту алысыраак жерге койуу керек. Анткени эртең менен чырылдаганда аны туруп барып өчүргөндөн кийин уйкуңуз ачылып кетет.

 

Бөлмөнү уйкуга ыңгайлуу кылып алуу керек. Өтө ысык же суук болбошу керек. Ашыкча жарык тийип, сырттагы дабыштар угулбагандай кылып алыңыз. Жаткан төшөктү да оңдоңуз катуу же ашыкча жумшак болбошу керек. Жаздыктын ыңгайлуусун тандаңыз.

 

Бир режимге өтүү керек. Мисалы күндө кечинде 11де жатып эртең менен 7де турсаңыз ал режимди бузбоо керек. Бара-бара организм ушул уйкуга көнүп бир канча айдан кийин будильниги жок эле ойгоно баштайсыз. Өтө кеч жатпаш керек, адамга 8 саат уйку туура болот. Андан ашык же кем болсо ден-соолукка зыяны тийет.

Facebook барагыбызга жазылыңыз