Эркектин жүрөгүн багындырыш үчүн жазылган 10 СМС

СМС – байланыштын эң жөнөкөй жана бат ыкмасы, бирок кээде зериктирме болуп калып, тажатып жиберет. Мамилени кызыктуу сактап калуу максатында, мырзаңа бул 10 СМСти жазып тур:

 

 

1. «Мен сени ... үчүн сыйлайм».

Эркек үчүн сый өтө маанилүү. Бул анын өзүн баалоосун жогорулатып, сен аны инсан катары баалаарыңды көрсөтөт.

2. «Бүгүнкү оюнга эки билет алып койдум. Даяр бол!».

Аны таң калтыр, бирок андан сюрприз күтпө. Анын сүйүктүү ырчысынын концертине, же спорттук мелдешке билеттерди ал. Бул аны, сен үчүн да өзгөчө бир нерсе кылганга шыктандырат. Сен деле, алганга караганда берген жакшыраак экенин сезесиң.

3. «Эч жакка барбай эле үйдөн өткөрбөйлүбү?».

Көп эркектер, айымын таң калтырып жана укмуштуудай жолугууларды өткөрүш керек деген басымды сезишет. Алар деле Инстаграмдагы романтикалык кечедеги идеалдуу сүрөттөрдү көрүшөт. Чыңалууну жоюп, жөнөкөй бир нерсе сунушта. Сен үчүн, анын акчасы менен чачылганы эмес, өзү барктуу экенин көрсөтөсүң.

4. «Сенин досторуң жакшы экен. Мага жагышты!».

Достору менен жолугушуу, ата-энеси менен жолуккандай эле толкундатат – сүн үчүн дагы, ал үчүн дагы. Сен аларга жаккың келет, ал болсо, сенин алар менен тил табышыңды каалайт. Ошондуктан, сага анын достору жакканын айт – ал аны баалайт.

 

5. «Мен эркектердин мындай кылганына көнгөн эмесмин. Сен мыктысың!».

Эгер сүйлөшүп жүргөнүңөргө көп убакыт болбосо, сен үчүн башка эркектер эч качан кылбаган нерсени ал кылгандыгы үчүн, көпчүлүктүн арасынан аны тандаганыңды эскертип кой.

6. «Кеңешиңе рахмат».

Сенин көйгөйүң чечилгенден кийин, сага кеңеш бергени үчүн ыраазычылык билгизгенди унутпа. Бул ага ишенимдүүлүк берип, сен аны барктаарыңды жана сыйлаарыңды көрсөтөт.

 

7. «Менин күнүм жаман өттү, бирок сен аны оңдоп койдуң».

Эркек өзүн уникалдуу жана өзгөчө сезиши өтө маанилүү – бул силердин сүйүүнү бекемдеп жана ого бетер жакындаштырат. Анын, сени ылайыктуу катары кабыл алганынан жаман эч нерсе жок.

8. Өзүңдүн сүрөтүң.

Бул сутканын каалаган маалында иштейт жана андан жооп алууга кепилдик берет. Бардык эле эркектерге, айымдардын өзүн эркин алып жүрүшү жана сүрөттө өзүн көрсөткөндөн коркпогону жагат. Бул мамиледеги жалынды кайра тутандырат.

 

9. «Кийинки жолу бул футболкаңды кийбечи. Менин фантазияма доо кетирип атасың»

Кичине эркелетип кой. Ал футболкасын көргөн сайын сени эстегенге мажбур кыласың. Ал сенин сөздөрүңдү эстеп калат.

10. «Заматта жооп бербей эле койсоң болот, жумушта колуң бош эмес экенин билем. Бошогондо жазып кой»

“Эмнеге жооп бербейсиң”, “Каякта жүрөсүң” деген СМСтердин ордуна жазылган алтын сөздөр. Бул мырзаңды, сени сагындырганга мажбур кылат, ошондой эле, анын жумушун же достору менен өткөргөн убактысын сыйлаарыңан кабар берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.