Эркектин башын айланткан аялзатындагы 9 касиет. Кайсылар дейсизби?..

“Кыздардын сага эмнеси жагат?” деп, жигиттерден сураганда “узун буту”, “сулуу жүзү” же “бели ичке экен” деген сыяктуу көнүмүш жоопторду  угабыз. Бирок, мунун баары чындык менен айкалышпайт. Анткени чын-чынына келгенде аялзатынын таптакыр башка сапаттары жигиттерди өзүнө тартып алат.

Кептин баары эркектик инстинкте, адамдын табитине жараша жана биологиялык ички процесстерге байланыштуу.

 

1. Узун чач

Узун, кулпурган кундуз чач аялзатын сулуу гана көрсөтүп тим болбостон анын дени сак экендигин билдирип турат. Кайсы гана эркекке болбосун, узун чачты сылап, ага оронуп жатуу жагат. Баардык эле кыздар чачын өстүрө албайт деңизчи, эң башкысы чач жылтылдап, жумшак болуп далыдан ылдый төгүлүп турса жигиттин баары кызыгат. Топондой болуп кыска кыркылып, же түйдөктөлө түйүлгөн чач кимге жаксын.

2. Жыт

Өзүңө ылайыктуу атыр жытын таап, аны дайыма колдонуу керек. Сени эстетип, элестеткен жагымдуу жыттын болушу кандай сонун. Эркектин делебесин козгогон аялзатынын жыты, тагыраагы феромондордун жыты, бул жыт эркекке дени сак тукум уланышына таасир берет. Феромондор организмде мыкты иштесин десеңиз туура тамактанып, көп эле кайгыра бербеш керек.

 
3. Беттин түзүлүшү

Беттин туура түзүлүшү адамды келбеттүү көрсөтөт. Беттин түзүлүшү туура, туура эместигин билүү үчүн алтын маскаларды колдонуп көрүү кажет. Эркектин ички туюму аялзатынын бет түзүлүшүнө ыктайт, анткени туура бет түзүлүшү гендин жакшы экендигинен кабар берет.

4. Тиш

Тегиз, табигый түсү жарашыктуу тиш  аялзатынын сулуулугун ачат. Тиши жакшы аялзаты ажарлана жылмайа алат. Тишти өтө эле аппак кылуу,винир кийип алуу жасалма экени билинип калат.

 
5. Узун колдор

Узун, арык колдор эркектерге узун буттардан кем калбай жагат. Узун колдор аялзатын келишимдүү, ийкемдүү көрсөтөт. Андыктан колго дагы кам көрүп, машыгуу керек.

6. Үн

Ар кандай изилдөөлөрдүн жыйынтыгында бийик, шыңгыраган аялзатынын үнү эркектин канында эстрогенди көбөйтөөрү айтылган. Эгер табияттан үнүңүз супсак анан да бийик чыкпаса жай, шашпай сүйлөгөнгө көнүү керек.

 
7. Белдин кайкалап турушу

Белдин түптүз болуп кайкалап турушу эркектерди кызыктырбай койбойт. Далынын, белдин түптүз болушу саламаттыгы чың, спорт менен машыккан айымдарда кездешет.

8. Кызыл түс

Кызыл түс эркекти арбап турат, себеби табигый инстинк кызыл түскө магниттей тартат. Анткени ургаачы кызыл түстө тукум улоого жөндөмдүү, муну эркек туюму сезет. Андыктан кызыл түстөгү ич кийим, ооз боёгуч ар бир айымда болгону жөндүү.

 
9. Бой келбет

Аялдын сымбаттуу бой келбети албетте, эркекти кумарлантат. Ичке бел, чымыр жамбаш көп бала төрөөгө абдан ылайыктуу. Албетте, баары эле мындай стандарттуу боло бербейт, бирок эркек-мергенчинин көзүнө биринчи урунат.

Биз муну менен тек гана аялзатындагы баш айлантуучу 9 сапатты айттык. Мүнөз, мамиле, билим жана башка факторлор дагы аял-эркек ортосундагы мамиледе чоң мааниге ээ. Эң башкысы өзүн бактылуу, эркин сезген айым кандай гана болбосун жигиттердин көңүлүн өзүнө бурат.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.