Эркектин аялга болгон сүйүүсүн токтотпой турган 5 нерсе

Сулуулуктун жана жагымдуулуктун стандарттары канчалык өзгөрбөсүн, эркектерде суктанууну жараткан бир нече аялдык сапаттар бар.

 

 

 

Интеллект

Мамилелер уктоочу бөлмө жана эртең мененки тамак менен гана чектелип калбайт. Аял менен дайым суйлошуу кызыктуу болушу керек. Дайыма сүйлөшө турган, талкуулай турган, талашып-тартыша турган нерсе болушу керек.

Тамаша сезими

Жакшы юмор сезими заматта башкалардын симпатиясын тартат. Жада калса чоочун адамдардын... Эркектер аларды чын жүрөктөн күлдүрө алган айымдарды өзгөчө баалашат. Эгерде аял тыюу салынган темаларда тамашалоону билсе, анда ал табылгыс алтын.

Өзүн караганды билүү

Аялдын сырткы көрүнүшү өзгөчө маанилүү. Кеп кемчиликсиз бет түзүлүшүндө эмес, анын өзүнө кандай мамиле жасашында. Эркектерге өзүнүн сырткы көрүнүшүнө маани берген айымдар жагат. Стиль сезими бар, маникюр, чач жасалга, жеңил макияжга көңүл бурган айымдар негизги орунда турат. 

Кумарлык

Кумардуулук баардык нерседе болушу керек: жумушта жана мамиледе. Аялдын күйгөн көздөрү - эркектер  жеңишке жетмейинче күрөшүүгө даяр нерселер.

Мээримдүүлүк

Мээримдүүлүк жана жумшактык - бул чыныгы назик аялдарга гана таандык сапаттар. Ал эми назиктик - бул эркектер эң жогору баалаган айымдардагы сапат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.