Эркектин ала жипти атташы анын интеллектисинен көз каранды

Лондон экономика институтунун адистери, коомдо калыптанып калган, эркектин берилгендиги аялынын жүрүм-турумуна байланыштуу деген стереотипти жокко чыгарышты. Алар изилдөө өткөрүп, эркектин интелектуалдык деңгээли менен анын ала жипти аттаганганга болгон шыгынын байланышын табышты. Акылдуу эркектер ала жипти көп аттабасы ачыкка чыкты.

 

 

Интеллект деңгээли жогору эркек эч качан четтен ойнош күтпөйт, анткени социалдык планда, моногамия (бир никелүүлүк) – бул түгөйлөрдүн мамилесинде эң пайдалуу жана коопсуз вариант – деген бүтүмгө британ окумуштуулары келди. Бул фактты эркектердин акылдуулары гана түшүнөт – дешет окумуштуулар.

Интимдик жашоодо бир аял менен болгон мамиле модели эң мыкты деп эсептелет. Ал, эркекти дайым жаңы ойнош издөөдөн коргоп, стресстин деңгээлин азайтат жана нерв клеткаларын жакшы абалда сактаганга өбөлгө түзөт.

Дагы бир айта кетчү нерсе, британ окумуштуулары ата-энелерди бала багуучу аялдардын кызматына көп кайрылбоону сунушташат. Эгер эркек балага жаш кезинен бала багуучу аял тарабынан көп көңүл бурулса, анда чоңойгондо ал сөзсүз ойнош күтүүнү каалайт. Себеби, бала кезинде ички туюм деңгээлинде, расмий үй-бүлө мамилесинен сырткары, четтен да, бала баккан аялдын образында, мамиле курса болот деген түшүнүк орун алып калат.

Моногамия ден соолук үчүн да пайдалуу. Флоренция университетинин окумуштуулары, жубайлардын бектиги аялдын да, эркектин да узак жашоосунун кепилдиги экенин далилдешти.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.