Эркекти кишенсиз байлап алган аялдын 11 сапаты

“Сүйбөгөнгө сүйкөнбө” дегендей, көңүлү жок эркекти аял канчалык аракет кылса да сүйдүрүп ага сүйкүмдүү боло албайт. Бул ачуу чындык. Аялдар сүйгөнүн жоготуп алуудан катуу коркушат. Ажырашуу аялзаты үчүн оор жоготуу. “Мен эмнеден жаздым, кандай ката кетирдим” деп өзүн-өзү жеп, эзилип азап чегет.

Төмөндө биз сөз кыла турган 11 сапаты кулк-мүнөзүнө сиңирген аялдан эркектер эч жакка кетпейт экен.

 

1. Көз карандысыз

Акылдуу аял эркекти жана ортодогу мамилени баалайт бирок, анын сүйүүсү көз карандылыкка айланбайт. Эркексиз деле ал каалаганындай жашай берет. Акча табат, иштейт. Анын жеке кызыкчылыктары, тааныштары, кызыктуу иши бар. Эркектерге да мына ушундай теңата аялдар жагат, жүгүн артып, капчыгын каңтарган аял эч кимге кызык эмес.

2. Бир адам менен дүйнө чектелбейт

Эркекке жагынам деп жеке кызыкчылыктардан, сүйгөн ишиңизден, хоббиңизден баш тарпаңыз, достордон кол үзүп салбаңыз. Дүйнө кенен, кызыктуу нерселер ушунчалык көп. Ошондуктан мыкты аял дайыма кызыктуу окуялардын чордонунда болот. Албетте, мындай аялды эркектер дагы баалайт.

3. Аял коломтонун куту

Аялзаты жашаган үй бойдок эркектин үйүнөн айырмаланып турушу керек. Аялдын үйү таптаза, ирээттүү болгону зарыл. Анан да жайылган дасторкон, булоосу буркураган ысык тамак менен үйгө келген күйөөсүн тосуп алган аял эркектердин баарына жагат.

Аялзаты үйдө жагымдуу манайды жаратат, терезеде өскөн жыпар жыттуу гүл, жуунучу бөлмөдөгү атыр самын, таза жуулуп жаңы үтүлгөн көйнөк сыяктуу майда-чүйдө нерсе менен аял жылуулук аурасын таратат.

4. Чөнтөк каккычтар же мите курттар

Аялдын жакшысы эркектин акыркы акчасына чейин кагып алып, “шакек сатып бер, тон алып бер” деп, мээсине чай кайнатпайт. Акчасы болсо жакшы, абалдан чыгып кетет, акчаны аз тапкан эркектер мындай абалга дуушар болгондо өздөрүн жаман сезип, басынып-корунуп, кыскасы эркектик касиетин жоготуп, мүңкүрөп да калышат.

 
5. Эркектин досу болуңуз...

Эркек өзүнүн ой-кыялын, алдыга койгон максаттарын бөлүшкөндү каалайт. Кандай гана эркек болбосун, аялы тараптан колодоону жана түшүнүүнүнү күтөт. Андыктан, анын ой кыялынын ишке ашышына көмөктөш болуңуз жана аны түшүнүү менен пландарын талкуулап өз сунушуңузду, кеп-кеңешиңизди айтып туруңуз.

6. Оюңузду таңуулабаңыз

Эркекти обу жок кызгана берүү дагы мыкты аялдарга тиешелүү сапат эмес. Кээде адам өз ою менен өзү болгусу келет, жалгыздыкты самайт. Жабышкак чөптөй эркекке таарынып, ага жабыша берүү жаман адат. Бир иш кылаарда эркекти аны аралаштырып, өзүңүз жасай турган ишти ага таңуулай бербеңиз. Өз алдынча болуу баарынан жакшы.

 
7. Дайыма окуйбуз, үйрөнөбүз

Эркек көз менен сүйөт демекчи, өзүңүздүн көңүлүңүзгө жаккан мырза менен узак убакка созулган бекем мамиле курууну кааласаңыз дайыма окуп, жаңы нерселерди үйрөнүүгө ашыгыңыз. Кур дегенде маникюр курсун акятап, же каратэ секциясына катталыңыз. Үй жана үй бүлө менен чектелип калбаңыз.

8. Күйөөңүздүн өнүгүшүнө жардам бериңиз

Акылдуу айым күйөөсүнө эмне кылыш керектигин кайталап айтып, талап кылбайт, ал болгону күйөөсү жасайм деген ишке дем берип, колдоп турат. Мындай аял алган лейтенант генерал болот.

 
9. Күйөөсүн жамандабайт...

Эркекти шылдыңдап, анын кызыкчылыктарын, адаттарын башкаларга жар сала бербеңиз. Элдин көзүнчө сынга кабылган эркек аялынан көңүлү калат.

10. Жакшы аял алсыз көрүнөт бирок, келесоо эмес

Үй бүлөдөгү баардык жоопкерчиликти мойнуңузга жүктөп албаңыз. Эркек өзүнө тиешелүү жумуштарды милдеттүү түрдө жасашы керек, оор сумканы көтөрүшүп, суу түтүктөрдү оңдоп, электр, суу ж.б. чыгымдарын төлөп дегендей. Кыскасы, эркектин энесинин ролун аткарбай, аны эркек катары, үй бүлөнү бага турган камкор ата катары көрүш зарыл.

 
11. Өзүңүздү дайыма карап жүрүңүз

Коко Шанелдин сөзүн эсиңизден чыгарбаңыз. “Акылдуу аялдын өңү серт болушу мүмкүн эмес”. Укмуш кымбат дары-дармектерди колдонуп, ботокс менен бетиңизди сайгылатып, пластикалык опеарация жасатпаңыз да, дайыма жарашыктуу кийнип, сапаттуу косметиканы колдонушуңуз кажет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.