Эркекти финансылык жактан өстүрбөгөн аялдын 3 адаты

Финансылык жактан жетишкен түгөйлөрдү байкасак, аялдары бул типаж менен мүнөздөгөнгө болбойт: сулуу, ыраазы, түз жүргөн. Биз, аялы менен күйөөсү чогуу, баарын нөлдөн баштап, кандайдыр бир финансылык жетишкендиктерге жеткен адамдыр тууралуу айтып жатабыз.

Мындай түгөйлөрдө аялдары күйөөсүн дайым түрткүлөп, дем берип, же, жок дегенде, кээси мээсин чукуп жеп турат.

Ал эми мындай адамдардын кандай окшоштуктары бар? Аларда,биз карай турган төмөнкү адаттар жок!

1. Коркуу сезимин ойготуу адаты

Каякка асылып баштадың, жетишип эле атат го, балким сен аяктан…, балким сени…

Кел акырындан эле иштечи, курсак ток, кийим бүтүн. Муну кылба, тигини кылба…

Мындай аялга, күйөөсүн колдоп, аны коркунучтан сактап тургандай сезилет. БИРОК! Бирок ошентип жатып ал эркекте болгон эң жаман жана керексиз эмоция – коркунучту таңуулайт.

Коркунуч эркекти “паралич” кылат. Ал алдыга умтулгандан, жаңы нерсе баштагандан, тобокелдикке баруудан, лидерлик позицияны ээлегенден коркот.

2. Өтө үнөмдүүлүк жана ашыкча чарбакердик адаты

Мени кара, кандай үнөмдүүмүн: бизге ашыктын кереги жок, чоёбуз, көбүрөөк кийебиз, арзан тамак жейбиз жана башка. Биякта жолдон үнөмдөйм, биякта тамак-аштын сапатынан, биякта балдардын окуусунан... Эркекке финансылык жактан өнүгүп эмне кереги бар, ансыз деле жетишип турса?

3. Эч нерсе каалабоо адаты

Каалоосу жоктук адат.

Ыңгайлуу аял.

Же Чарчаган аял.

Ошондой эле баарына бир нерсе Милдеттүү аял.

Бул, өзүнө дагы, үйүнө дагы, кубаныч менен эс алууну дагы, айта берсек, жашоонун бардык сферасында эч нерсе каалабаган аялдардын типажы. Ал болгон нерсесине ыраазы. Ал эч качан көп талап кылбайт, тескерисинче: “Жаңы машинанын, чөн үйдүн, балдарга жакшы мектептин эмне кереги бар, ансыз деле эл катары, баары жакшы”. Бул сөздөр эркекти финансылык жактан импотент кылып коёт. Аял болсо болгону жакшылык каалайт, күйөөсүнүн кыйналганын каалабайт.

Эркек бирөөгө керек болгусу келет. Ал жаратылышында өнүгүүгө муктаж. Кээде жанында ийкемдүү сулуу болгонго караганда, дайым канааттанбаган, “коркунучтуу” аял болсо, көп жетишкендиктерге жеткенге мүмкүнчүлүгү болот.

Бирок, жогоруда айтылган адаттары бар аялдын күйөөсү эч качан ийгиликтүү болбойт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.