Эркектердин мээсин айландырган аялдардын 6 кылыгы

Айымдардын билип алуусу маанилүү!

 

 

 

Эринин тиштегенин

Аялдар муну күнүнө жок дегенде 10 жолу жасашса керек. Алар ылдыйкы эриндерин тиштегенде ушунчалык сүйкүмдүү көрүнөт, бул трюк бардык эркектерге жагат. Эмне үчүн мындай кылышканы белгисиз. Эринди тиштөө көбүнчө аял бир нерсе жасаган соң же бир аз толкундангандан кийин пайда болот. Бул манипуляция жеңил жана жумшак болушу керек. Эгер ал кансыраганга чейин эриндерин тиштеп алса, анда анын нерви жайында эмес.

Лифчиктен арылуусун

Көптөгөн эркектер аялдын кийиминин ушул аксессуарынын илинген жерин ачуу кээде оңой эмес экендигин билишет, бирок айымдар болсо ушунчалык оңой жана жеңил чечип коюшат. Көпчүлүк учурда алар муну көйнөгүн чечпей туруп жасап коюшат. Кээде кыздар күнүнө эки жолу кийимдерин алмаштырып, ар бир алмаштырганда бюстгальтерин кошо алмаштырышат. Күнүнө канча жолу жасашпасын, эркектер аны  көргөндөн чарчашпайт.

Чачын сылаганын

Жигиттер бул жерде айымдын эки нерсенин жактырышат. Биринчиси, айым эркек менен баарлашып жатып чачын манжаларына тармалдатып орогонун. Айым аң-сезим деңгээлинде, эркек жактырып калды деп божомолдойт. Эгерде кыз эркектин көзүнө карап, кандайдыр бир флирт сөздөрдү айтып, чачын манжасына орой турган болсо - анда жигит күйүп-түтөп кетээринен шек жок.

Экинчиси, аялдар чачтарын тоголок кылып түйүп алабы, же куйрук кылып байлап алабы, эч кандай мааниге ээ эмес - негизгиси ал колун көтөрүп, чачын ирээтке келтирип, сылап жатканын карап турганды эркектер аябай жактырышат. Эгер ошол маалда назик моюнду байкап калса, иштин бүткөнү - эс-учун жоготуп да коюшу мүмкүн. Жигит балмуздактай эрип кетет.

Керилип-чоюлуусун

Бул кадимки эч нерсе эмеспи, бирок эркек кишилерге, мисалы, айымы эртең менен төшөктө керилип жатканда жагат. Колдорун капталдарына жайып, аркасын аркалоо менен айымдар жигиттердин көңүлүн бурушат. Ошондой эле, мисалы, спорт залда же паркта аялдын гимнастика кылып жатканын байкабай калуу мүмкүн эмес. Алар ушунчалык кылдаттык жана назиктик менен жасашкандыктан, каалаган эркек мындай көрүнүшкө көзү менен жабышып эле калат.

Алардын түз отурганын

Эркектер көбүнчө бүкүрөйүп отурушат, балким, карама-каршылыктар жагымдуу. Аял отурганда, атаыйн жасап жаткандай көрүнөт - түз аркасы, бириккен буттары, көрктүү моюну. Бул идеалдуу поза айымды адептүү көрсөтөт жана эркетер үчүн бул абдан жагымдуу нерсе. Эгер айым отургучка отуруп, бутун столго ыргытып койсо, анда эркектер шайтандан качкандай качмак.

Көчөдө сейилдегенин

Аялдардын басышы - бул жамбаштын солкулдашы жана бир сызык менен баскандай басуу экенин баары билет. Эркектер муну түшүнүшпөйт жана аларга кереги жок. Адатта эркектер аюулардай эле басат.

Бирок кыздар эркектер бурулуп карай тургандай кылып баса алышат. Бул табигый басуу стили эмес - аялдар кандайдыр бир жол менен антип басышты үйрөнүп алышкан. Чебер басуу каалаган жигиттин башын айландыра алат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.