Эркектердин кулк мүнөзүн алардын… аркылуу билгиңиз келеби, анда эмесе чындыкты билели. Байыркы Кытайлардын окуусу

Көпчүлүк адамдардын сырткы келбетин, бетин карап, кулк мүнөзүн, көздөрүнөн ички дүйнөсүн билсе болот. Кыймыл аракетинен темпераментин.

Эгерде алар жөнүндө толук маалымат билгиң келсе анда буттарын жакшылап кара.

 

 

 

Байыркы Кытайлардын бут боюнча изилдөөлөрү азыркы учурга чейин колдонулуп келет. Таманда ички мүчөлөргө байланышкан ар кандай чекитер бар. Алар адамдын ден соолугун гана мүнөздөбөстөн, анын мүнөзүн жана аларга карама каршы болгон адамдар менен болгон мамилесин да баяндайт. Эң негизгиси анын буттарынын манжалары чоң мааниге ээ. Бул макаладан сиз эркектердин манжаларын тууралуу маалымат аласыз.

 

Баш бармак - Эгерде баш бармак башка манжаларынан узун болсо, анда мындай эркек акылдуу, жана өзгөчө таланттары бар инсан. Мындай адамда ар дайым өз ою бар, ар бир кыжаалаттардан чыгууга өзүнүн ыкмаларын пайдалана билет жана бирөөнүн оюн укканды көп жактыра бербейт. Булардын начар жактары эч убакта бир калыпка бир ыкка токтоло бербейт. Алдын ала эч убакта план түзбөйт.

Эгерде баш бармак анча узун эмес болсо, анда мындай адамдар өз кыжаалаттыктарын жалгыз чечпегенге аракет кылат жана башкалар кыла турган иш аракеттерди таланттуулук менен бөлүштүрөт. Ал сүйкүмдүү келет, ошондуктан көпчүлүк учурда ошонусун пайдаланып, анын оюна макул кылдырып алат.

 

Сөөмөй - Канчалык сөөмөй чоң болсо, ал адамда башкаруучулук сапаттары ошончолук чоң. Ал ойлоп табуучулук касиетке ээ, жана тобокелчилик кылганды жакшы көрөт. Булар алдыга бир мактсат коюшат да, ал максатка кандай гана жол менен болсо да жетет. Бийликчил жана үй бүлөөдө башкаруучу болот.

Эгерде сөөмөй бармактан кичинекей болсо, анда ал аябай жумшак адам. Сабырдуулук менен жада калса душманына да зыян келтирбестен баары ордуна келет деп күтүп отура берет.

 

 

Ортон - бул манжа энергия жана эрктин көрсөткүчү. Эгерде баардык манжалардан чоң болсо, кыймылдуу, тапкыч, башкалар менен алмаштыргыс кызматкер. Канчалык ортон чоңураак болсо, ошончолук өзүнө жумуш тепкичин түзө билген адам. Ортону чоң адамдар эмгекчил болуп, жада калса сүйүү, үй-бүлөөнү да унутуп, жумушка жашап алгандар да кездешет.

Эгерде ортон кичинекей болсо, анда ал адам анча кыймылдагысы келбеген, өз кызыкчылыгы, жыргалчылыгы үчүн кам көрүп жашаган адам. Ал адамды жалкоо деп күнөөлөсөңүз, анда «жашоо бир келет, өмүр кыска ар нерсеге кетирип убакытты текке пайдаланбаш керек» деген жоопту угасыз.

 

 

Аты жок - эгерде бул манжа башка манжалардан чоң болсо, анда мындай адам эң биринчи орунга өзүнүн туугандарын коет. Мындай адамдар бирөөнү укканды билишет да, кичинекей балдар менен оңой тил табышат.

Аты жок манжасы кыйшык болсо, мындай адам баардык жоопкерчиликти өзүнө алып, жалгыздыкты жакшы көрүшөт.

Аты жок кичинекей болсо, анда мындай эркектин үй-бүлөө жана анын карым катнашынан да башка негизги алдына койгондору бар.

 

 

Чыпалак - Чыпалак канчалык кичинекей болсо ошончолук өзүнө жоопкерчилик алгысы келбеген адам. Мындай адамдардын чөйрөсүндө көп адамдар бар, булар менен көңүлдүү, бирок ар дайым жаш бала сыяктуу, жалгыз гана өз кызыкчылыгын көздөйт. Жана да ар дайым апасынын кичүү баласы болуп кала берет.

Эгерде чыпалакты башка манжаларга тиешеси жок кыймылдата алса, анда ал адам бирөөнүн кызыкчылыгын, биргелешекен капчыкты түшүнбөгөн адам. Мындай адам менен жашаш көп кырдуу табышмактуу.

 

Манжалардын бири бирине байланышы. Манжалар катары менен, бири биринен аз аздан кичирейип жайгашкан болсо, анда бул эркек так жана сарамжалдуу, жасаган ишин орто жолдо таштап кетпей турган адам. Чыныгы дос жана ишенимдүү курдаш болот. Кээде ар нерсеге эле обу жок чукулай берген киши.

Мына, эркектердин манжалары аркылуу ушундай өздөрүнө тиешелүү болгон кулк мүнөздөрүн кандай байкаса болоору маалим болду. Бул ыкмаларды аябай эле берилип ишенип албооңузга чакырабыз.

Биз сизге да ишенимдүү, күчтүү жигитке туш болууну каалайбыз, эгерде андай адамыңыз бар болсо, анда турмуш жашооңорго бакыт каалайбыз.

Мына ушудай кызыктуу ыкманы курбуңуз менен да бөлүшүңүз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.