Эркектердин көз карашы боюнча, айымдардын эң сексуалдуу кесиптери

Сиздин адистигиңиз бул тизмеге кирет бекен?

 

 

 

Модель

Эми, бул жерде баары түшүнүктүү: баары чуркады, мен да чуркадым дегендей. Качандыр бир кезде арык, узун буттуу кыздарды кийим көргөзүү үчүн тандаганынын себеби, алар үчүн кийим тигүү жеңил болгон. Кийинчерээк, алардын арасынан суйкайган сулуулары бөлүнүп чыгып, «модель» деген сөздү «сулуулук эталонуна» айландырышты. Андан да кийин фотошопту ойлоп чыгышты. Так ошондуктан, модель деген сөз эркектерди аңчынын позасына тургузганга мажбурлап калды. Анан дагы, модель жашоосунда да сөзсүз эле жумушундагыдай суйкайып жүрүшү керек эмес. Эркекке негизи чекесин көрсөтүп койсоң, калганын өзү фантазиялап алат.

Актриса

Байкагандай, актриса – бул белгилүү айым. Жөнөкөй адамдар алардын жакынкы чөйрөсүнө бара албайт, аларда болгон мүмкүнчүлүк – экрандагы образын көрүп гана сүйүп, эң жолдуулары автограф ала алышат. Актриса тандаган бактылуу өзүнүн 15 мүнөттүк кыялына жетет. Балким жетпейт, бирок искусствого колун тийгизгенге жетише алат. Башкача айтканда, кантип актриса бир образдан экинчи образга өтө алаары тууралуу билип алат.

Медайым

Айтмакчы, эркектер өз сезимдеринде жалгыз эмес – айымдар да дарыгерлерге жана башка медицина тармагында иштеген кызматкерлерге көзүнүн кыйыгы менен карашат, сезим тууралуу ой келбей турган убак болсо да. Эмнеге? Себеби, ооруп калган адамдар алсыз болуп калышат. Алар коркушат, уялышат, ачык жана таянычсыз болушат. Анан эле бир маалда ал пайда болот – ак халатчан пери. Периште. Периште кандай кийинип турат, келбети кандай (2 сутка кезметке туруп көрчү) жана сени менен ойсоңдогонго маанай бырбы-жокпу, айырмасы жок. Маанилүү эмес. Бирок алар чыпалагын сындырып алган байкуштун артынан аңчылыкка чыккан "өлүмдү" кубалап салып атпайбы!..

Мугалим

Баарына порнофильмдер күнөөлүү, чын айтам. Бети жок сценаристтер указка менен азыр жазалоочу көз айнекчен мегераны ойлоп табышкан. Божомол боюнча, ал мегера акыры чачтарын коё берип кумарданган айымга айланат – анткени кимдир бирөө анын указкасынан коркпой койгон. Эң кызыгы – чынында эркектер жогоруда айтылгандын бирин да күтпөйт. Бирок, айым эл агартууда жан үрөп келатканын билген эркек эркин ошол замат жоготуп, тизелеп алып жакынкы зер дүкөнгө жөнөйт – нике шакегин алганы.

Стюардесса

Биринчиден, конкурстук тандоодо “жагымдуу келбет” каралат, ошондуктан стюардессанын баары суйкайышат. Экинчиден, алар баарына жыймайып кам көрүп турушу керек. Үчүнчүдөн, алар жашоосунун көп бөлүгүн аллюминий түтүктө он километр бийиктикте өткөргөн, жүрөгү тоо айымдар. Мисалы, аэрофоб эркектердин колунан келбейт. Айтмакчы, аэрофобия – бул нормалдуу эле көрүнүш, аны айткандан уялбай эле коюш керек. Эми карап көрсөң, титиреп, коркконуңан креслого жабышып отурсаң – колуна томат ширесин көтөрүп алып перизат келет. Коркконуңду замат унутуп, перизатка азыр эле үйлөнгүң келип баштайт. Ыраазычылык ордуна.

Адвокатесса

Көпчүлүк профессияларды “айымдыкы” жана “эркектики” кылып бөлүп алышкан. Фура айдаган, ширетүүчү аппарат менен иштеген же колуна Калашников автоматын кармаган айымды көрсө, эркектер шектенип карап калышат. Бул назиктикке жатпайт деп айтышат. Айым жумшак жана назик чабактай болуш керек, дешет эркектер. Жана адвокатты – үч катар курч тиштери бар акуланы көрөөрү менен сүйүп калышат. Балким, анын милдети – бактысыздарды түрү суук соттун адилетсиздигинен коргоо болгондуктан. Албетте, өтө назиктик. Ал дагы эч нерсе эмес, бул адистик, көбүнчө эркектин түшүнө да кирбеген катуу мүнөздүүлүктү талап кылат. Эми анын баары майда-чүйдө да.

Официант

Комбо! Жаныбардык маңызга эки сокку. Эгер эркектерден цивилизациянын тактарын жууп салса, анда алар курсагын тойгузуп анан көбөйүп, көбөйүп анан курсагын тойгузуп жата бермек. Эгер экөөнү бир убакта кылууга мүмкүн болсо – анда башканын эмне кереги бар. Эми кара, сулуу айым эркекке тамак көтөрүп келатат, бул убакта, жаныбардан айырмалаган хомосапиенстин акыл-эси такыр өчүп калат. Болгону, ушу күнгө чейин эч ким жеңе албаган жылаңач инстинктер калат. Аны кээде жашыра албай да калышат.

Секретарша

Ал жаш жана сулуу, дайым мыкты көрүнөт, дайым жүзү жылуу жана күнү бою кофе ташып турганга даяр. Так ушундай кылып бизге кинодон көрсөтөт. Бул чындык эмес, же чындыктын бир бөлүгү эле. Бирок секретарша тууралуу стереотиптер эркектердин башын айлантып алган: чынында секретаршалар бойфрендине эмес, боссуна гана кофе ташыйт.  Бирок бул кичинекей деталь көңүлгө көп алынбайт. Жок дегенде мамиленин башында.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.