Көпчүлүк айымдар эркектин эң жаман кемчилиги физикалык бектикти сактай албагандыгы деп санашат. Кээде бул пунктка өтө көп маани берип, бирок башкаларын такыр эле унутуп коюшат.
Биздин редакция бейопалык менен бир катарга койгонго болчу эркектердин дагы башка 5 адатын чогултту. Жана бул адаттар менен олуттуу түрдө күрөшүү зарыл.
Алкоголго көз карандылык бат эле пайда болот. Бул алкоголизм болбошу деле мүмкүн, бирок спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү так ушул жолго алып келет.
Эркектер жаш балдар сыяктуу эле күнү-түнү ордунан турбай мониторду тиктеп, монстрларды аткылаганга даяр. Өз убактысын көзөмөлдөй албаган (же көзөмөлдөгүсү келбеген) жана убактысын реалдук жашоого эмес компьютердик оюндарга бөлгөн адам менен мамиле куруу – өтө оор жана дайым эле мүмкүн боло бербейт.
Өтө сараң эркек айымдар арасында да, досторунун арасында да сый-урматка ээ боло албайт. Акча сарптай алуу жана акыл-эс менен сарптай билүү – дайым акылдуу жана түшүнүктүү адамдын белгиси болуп келген.
Чечкинсиздик сапат катары, оң сапат деп сейрек (тагыраагы, эч качан) айтылат. Анан дагы чечкинсиздик айымдар үчүн да, эркектер үчүн да мүнөздүн өтө терс жагы болуп каралат.
Сөз берип коюп, аны аткарууга аракет да кылбаган – оңбогон адамдын так белгиси.