Эркектерден жашырган аялдардын сырлары аталды

Британ социологдору ар бир аял өзүнүн өнөктөшүнөн жашырган кеминде үч сыры бар экендигин аныкташкан.

Бул тууралуу The Sun басылмасы билдирди.

 

 

Изилдөөнүн жүрүшүндө, респонденттердин жарымы денелериндеги "табигый сулуулук" элесин жаратуу үчүн кылган бардык сулуулук процедураларын жашырышаарын айтышкан. Мисалы, ар бир онунчу аял бетинен жана манжаларынан түктөрдү такай жулуп турарын мойнуна алган.

Респонденттердин 17 пайызы эркектерге кийимге канча акча коротконун эч качан айтышпайт, 14 пайызы чыныгы салмагын ачыкка чыгарышпайт жана 13 пайызы канча сүйгөнү болгонун мойнуна алышпайт; 6 пайызы кайненесин тымызын жактырышпайт, 4 пайызы - мурда сүйлөшкөн эркектери менен баарлашышат.

Респонденттердин төрттөн үч бөлүгү бул калп аларга жакшы мамилени сактоого жардам берет деп эсептешет, бирок калгандары өнөктөштөрдүн бири-биринен сырлары болгонун жактырышпайт.