Эркектер тууралуу 15 кызыктуу факт

Аял менен эркек канчалык айырмаланат? Бул тууралуу учу-кыйры түгөнбөгөн  узун кеп салса болот. Бүгүн, эркектер тууралуу, сиздерди таң калтырган кызыктуу фактыларды тартуулайбыз.

 

 

1. Эркектерде үйүр инстинкти абдан өнүккөн. Алар көйгөй жараткан маселелерди чогулуп чечишет, мисалы, достору менен. Аялдар индивидуалдуу инсандар болушат. Достору менен чогулганда, жөн гана жаңылыктарды бөлүшүп, сүйлөшүшөт.

2. Статистикага карасак, эркек өмүрүндө 8 килограмм помада жейт.

 

3. «Drachenfutter» же “ажыдаардын тамагы” – бул немец термини, эркектер аялдарынан кечирим суроо максатында бергенге мажбур болгон белектер (көбүнчө букет гүл, таттулар жана ювелирдик жасалгалар).

4. Эркектер дүкөн кыдырганды жактырышпайт. Шопинг дегенди түшүнүшпөйт.

 

5. Эркекти суук мезгилде жылыткыч катары колдонсо болот. Анткени, аялга караганда, эркектин дене табы бир аз жогору.

6. Азыркы кезде аялдар гана кийчү, “лосины” деген кийимди илгери эркектер гана кийген. Ал багыштын (лось) терисинен жасалгандактан, анын аты да ошондой аталып (лосины) калган.

 

7. Бийик такалуу бут кийимди биринчи моңгол эркектер кийишкен. Ал бутту үзөңгүгө бекем турганга жардам берген.

8. Эркектер дагы аялдардан кем калышпай, комплиментти жакшы көрүшөт.

 

9. Эволюциянын жыйынтыгында, эркектер кыймылдап турган нерсени жакшы кабыл алышат. Ордунда турган нерсени байкабай деле калышы мүмкүн.

10. Эркектин көңүл коюу концентрациясы аялдыкына караганда жогору турат. Ошондуктан, алар бир учурда бир нерсе гана кыла алат.

 

11. Кызыктуу фактылар эркектердин физиологиясына дагы тиешелүү. Мисалы, эгер алардын бала төрөө мүмкүнчүлүгү болсо, оору шогунан жан беришмек. Эркектердин оору порогу аялдыкына караганда алда канча төмөн.

12. Эркек, аны баалай алган аялга март болот.

13. Табияттан эле эркектер аңчы болушат, ошондуктан кыймылга реакциясы күчтүү. Эгер аял эркектин көңүлүн өзүнө бургусу келсе, анда кыймылдап туруш керек, мисалы, бий.

 

14. Өзүнүн, башка эркектерден начармын деген ою эле анын психикалык саламаттыгына чоң доо кетирет.

15. Биринчи гейшалар эркектер болгон. Мындай адамдырды «тайкомоти» деп аташкан – япон байларынын үйүндөгү маскарапоздор. Кийинчерээк алар элдин көңүлүң көтөрчү “куудулдарга” айланышкан. Жүз жылдан ашык убакыттан кийин гана (болжол менен 18-кылым) аял-гейшалар пайда болгон.

Facebook барагыбызга жазылыңыз