Эркектер, төш карагыла! Бул жашоону узартуучу 6 нерсенин бири гана

Баарыбыз бактылуу, узак жашоонун сырын ачкыбыз келет.

Илим буга жооп тапты - бирок азырынча эркектер үчүн гана. Негизинен эркектер аялдарга караганда азыраак жашайт, ошондуктан бул жакшы жардам болот.

Эгер эркек болсоң, алдыда жашооңду узартуунун 6 жолу.                       

1. Айымдардын төшүнө суктана карап жүр

Көп айымдарга жакпашы мүмкүн, бирок айымдын төшүн караганда эркектерде позитивдүү маанай пайда болот. Сүйкүмдүү жаныбарларды караган да ушундай эффект берет. 2012-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө позитивдик ой менен эркектин ден соолугунун байланышын изилдеп көрүшкөн. Позитивдүү ой ден соолукка жакшы эффект берээри байкалган. Жүрөк ишемикалык оорулуулардын 50 пайызы өзүн жакшы сезип, активдүү болуп калганын айткан. 37 пайызы позитивдүү ойлорду ойлогон да эмес.

2. Секс менен көбүрөөк алектен

Дагы бир изилдөөдө, секс, эркектердин 50 пайызынын ден соолугуна оң таасир бергени аныкталган. Секс - физикалык кыймыл аракет, стресстин да, оорулардын да алдын алат. Андан сырткары секс, бакыт гармону - серотонинди иштеп чыгарат. Изилдөөгө катышкандардын арасында оргазмга жеткендеринин өмүрү 3-8 жылга чейин узак болгон.

 
3. Үйлөн

Үйлөнүүдө жолу болбогондор таң калышы мүмкүн, бирок аялы бар эркектер узагыраак жашайт. Бул канча жашында үйлөнгөнүнөн да көз каранды. 127 миң адамдын арасындагы сурамжылоодо эрте үйлөнгөндөргө караганда 25 жаштан кийин үйлөнгөндөр көбүрөөк жашаары белгилүү болгон.

 
4. Балалуу бол

Бул жогорку пункттун логикалык уландысы, бойдокторго караганда үй-бүлөлүүлөр узак жашайт.

«Journal of Epidemiology & Community Health» журналындагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, 60ка чыгып калган ата-эненин жаш курагы, күткөн жашка караганда эркектердики 2 жашка, аялдардыкы 1,5 жашка узарган. 80 жашта бойдокторго караганда 8 айга узак болгон.

 
5. Өзүңө жоопкерчилик ал

Жоопкерчилик сезими башкы ролду ойнойт. «Journal of Personality and Social Psychology» журналындагы изилдөө көргөзгөндөй гүл өстүргөн карылар үйүнүн тургундарында коомдошуу, камкордук, ишмердүүлүк өскөн.

Балким балалуу болуу да дал ушундай түшүндүрүлөт.

 
6. Арыктаганга шашпа

Көпчүлүк эркектер жаш өткөн сайын май басып, курсак байлап калышат. Бул жаман эмес. "Эркектер кантип карыйт" китеби толук эркектерде жүрөк пристубу жана рак оорулары сейрек кездешээрин айтып чыккан. Алар балдарына көп көңүл бурушат. Китептин автору Ричард Брибескастын оюу боюнча, толук эркектер аялдарга жагат жана жогорку пунктун баарын аткарганга жардам берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.