Эркектер эмнеге өзүнөн улуу аялдарга кызыгат?

Эгерде мурда жаш кыздардын өзүнөн улуу адамдар менен мамиле курганы эч ким үчүн тан калычтуу эмес болсо, бүгүнкү күндө жаш жигиттердин өзүнөн бир топ улуу айымдар менен болгону нормалдуу болуп бараткандай.

Бирок, ошондо деле «эмне үчүн өзүнөн улуу айымдарды тандайт?» деген суроо туулат.

Көпчүлүк, бул мамиле бир гана меркантилдик себеп менен түзүлөт деп эсептешет, камсыз болгон айым, коомго алып чыкканда уялбай турган жаш сулуу жигитти канатынын алдына алып, жанынан кетпеши үчүн анын баардык эңсегенин аткарат, жигит аны колдонот деп ойлошот.

Албетте, бул фактыны көз жаздым калтырбаш керек, бирок, заманбап коомдо психологиялык изилдөөлөогө карасак, эркектер өзүнөн улуу аялдарды такыр башка себептер үчүн баалашат экен.

Жашы толгон айымдар эмнеси менен өзүнө тартышат? Эмне үчүн эркектер өзүнөн улуу айымдарды тандашат? Психлологдордун ой жүгүртүүлөрүнө көңүл буруп көрөлү:

1. Өзүн өзү камсыздоо

Кыздардын, ар дайым өнөктөшү менен баарын чогу кылыш керек, - деген өзгөчөлүгү бар, дүкөнгө чогу барыш керек – сумкасын көтөрүшкөнгө, кино чогу көрүш керек – төшөк алып бергенге, сүрөт көргөндө – барактап турганга жана башка ушул сыяктуу. Эгерде жигит аны кылбаса анда кыз наалып, кайгырып, таарынып, долуланып баштайт.

Жашы толгон аял өзүн өзү камсыздай алат, ошондуктан бир нерсе кылгысы келсе эч кимди мажбурлабай, өзү эле кыла берет. Колготкиси айрылып калса чогу кайгырып же дос кызынын балалуу болгонуна чогу кубанганга жанында болуунун кереги жок.

2. Финансылык көз карандысыздык

Көпчүлүк кыздар, жигитин биринчи кезекте акча тапкыч катары көрүшөт: аны камсыздай алабы, эс алууга чет жактарга чыгара алабы, көңүл ачууга акчасы жетеби.

Улуу айым акча жана кымбат баалуу белек сурай турчу өнөктөшкө муктаж эмес, себеби өзү бутуна туруп, каалаган нерсесин ала алат. Ал эле эмес, тескерисинче жигитине сюприздерди жасап, эркелете алат.

3. Ачыктык

Жаш кыздар «тапкан табалак – эмне үчүн менин маанайым жок» оюнун ойногонду жакшы көрүшөт. Эркектер көпкө таппай божомолдошот, кыздар бултуюп таарынып жүрөт. Улуу аял өзүн мындай алып жүрбөйт: ал ачык жана чынчыл, ошондуктан эмне ойлосо ошону айтат, эркегине кандай мамиледе экенин божомолдоп кереги жок.

Анын үстүнө жаш кыздан айырмаланып, ресторанда же кинотеатрда тынчтандыргысы келген жигитине оокаттарын ыргытынып, кыйкырып чыгып кетип долуланбайт. Баардык жүрүм турумун сабырдуу кабыл алып, анан өзүнчө тынч, жай, эмне туура эмес экенин түшүндүрүп берет. 

 
4. Интуиция

Жашы толгон айымдарда жаш, тажрыйбасыз кыздарга караганда сезим мыкты өнүккөн, ошондуктан беш өрдөктү учуруп кереги жок, баары бир билип түшүнүп коюшат.

Демек, жагынып, калп айтып, эптүүлүк кылып кереги жок: эгер эркек достору менен футболго баргысы келсе чынын айтып эле бара алат, ал эле эмес сүйүктүү командасынын шарфын жана футболкасын да белекке берет. Бул убакта ал өзү курбулары менен отуруш уюштурат же кызыктуу роман китептерден окуйт. Долуланып, чачын жулуп, кайра-кайра телефон чалуулар болбойт.

 
5. Эмоционалдык сабырдуулук

Жашы толгон айым жашоосунда көп нерсе көргөндүктөн бардык нерсеге, чатак абалда да токтоо мамилесин көрсөтөт. Ал эле эмес эркектер долулукту, ызы чууну жактырбаарын билип, андайга жол бербейт. Ал эми жаш кыздар ар дайым даттанып, нааразы болушат.

 
6. Интеллект

Жашы улуу айым менен баардык темада сүйлөшкөнгө болот, себеби алар акылы токтолуп калган, көп окуп, көптү көргөн. Эгерде билбегени болсо сөздү эбин таап билген жагына бурганды билет. Анан да эң маанилүүсү качан сүйлөп, качан унчукпай калышты билишет.

 
7. Жеке ой

Ар бир нерсеге өз ойлору бар, туугандары, достору, кесиптештери айткандарга көп көңүл бурушпайт. Бул коомдун көз карашына көз каранды болгон жаш кыздардан улуу айымды айырмалайт.

8. Интимдик жашоо

Улгайган айым төшөк жаатында сюрприз жана эксперименттерге даяр, ошондуктан өзүнө да өнөктөшүнө да ыракат тартуулай алат.

Андан сырткары интимдик жаатта жетишээрлик тажрыйбасы бар, жаш айымдарга караганда бакыттын туу токусуна жеткирүүчү ыкмаларды билет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.