Эркектер эч качан айтпаган 9 нерсе

Баарыбыз эле жашоонун кандайдыр бир көз ирмемдеринде кайсы бир нерселерди айткандан качабыз. Ал эми эркектер бул нерселерди эч качан айтпайт:

 

 

1. Эмне сезип турганын.

Аялдар өз сезимдерин айтып тургулары келет. Бирок эркектердин арасында андайлар сейрек кездешет. Эгер эркек сезимдери тууралуу сөз салган күндө дагы, аягына чейин, баарын төгүп-чачып айтпай, ичинде сактайт.

2. Өзүнүн маанилүүлүгүн.

Эркекке, жумушта, үй бүлөдө, жеке мамилесинде ким экенин билгени маанилүү. Бирок ал тууралуу айтпайт.

3. Сексуалдык көйгөйлөрүн.

Ар бир эркек үчүн бул уят нерсе. Бирок андай кылуу туура эмес, бул көйгөйдү чечиш үчүн жок дегенде аялың же адис менен талкуулаш керек.

4. Аялын канчалык катуу сүйөөрүн.

Ар бир айым бул сөздөрдү уккусу келет. Аны менен эле бактылуу болуп калса, эмнеге айтууга болбойт?

5. Эмнеден уялаарын.

Ар бир адамда, убакыт өткөндөн кийин гана каткырып күлүүгө болгон нерсе болот, анда аны сыр катары кармап эмне кереги бар.

6. Жолу болбогонун.

Буларды айткысы келбегендигинин себеби – чынында коомдо орун алган, чыныгы эркек кандай болуш керек, деген стереотиптин натыйжасы. Эгер коомдо кабыл алынган стандарттардан сырткары нерсе болсо, анда аны айткандан коркот.

7. Өзүнүн эмоциялык кыйынчылыктарын.

Эркектер эч качан, жан дүйнөсү кандай азап чегип атканы тууралуу айтпайт. Ошондуктан алар көбүнчө ырайымсыз көрүнүшөт.

8. Өз коркунучтарын.

Күтүүсүз кырдаалдарда гана анын коркунучтары тууралуу билип калбасаң, аны эч качан билбейсиң. Мисалы, үйгө жарганат кирип кеткенде...

9. Сүйүүгө муктаждыгын.

Эркектер деле сүйүүнүү каалашат, бирок аны суранганга көнүшкөн эмес. Бирок, мамиледе эркектен, сенин сүйүүңдү кандай сезгиси келээрин билип алууң маанилүү.