Эркектер аялдын бул 12 касиетин сулуулугунан да өзгөчө баалашат

Көптөгөн эркектер биринчи айымдардын сырткы келбетине карап таанышышат.

Бирок эркектер сулуулуктан дагы жогору баалаган айымдардын башка бир нече касиеттери бар. Алар кайсылар?

 

 

1. Кунт коюп укканды

Көпчүлүк эркектер аларды эч нерсе дебестен кунт коюп уккан баамдап жана сөздөрүн сындабаган  айымдарды баалашат. Айрыкча жанына отуруп айтылган сөздөрү кызыгуу менен уккан айымды жакшы көрүшөт. Албетте буга чыдамкайлык жана түшүнүү керек. Кунт коюп угуу буларга кубаныч алып келет да андан ары калган ойлору менен бөлүшүшөт.

2. Митаамсыздыкты

Жөнөкөй нерселерге жетине албай кубанып, өзүнүн кубанычын койнуна батпай сүйүнгөн айымдарды жактырышат. Алар айымдардын күтүлбөгөн жерден ашканада бийлеп же болбосо сүйүктүү ырын кыңылдап ырдаганын баалашат. Канчалык сиздин сезим кубаныч күтүлбөгөндөй сүйүнүч тартуулаганын билсе, ошончолук жаңы күтүлбөгөн белектерди тартуулаганга аракет кылышат. Аларга өздөрүн шылдың кылгандан уялбаган, жасалма күлбөгөн айымдарды баалашат.

3. Машина айдаганды билгендерди

Айдоочу болгон аялдарга жини келип, шылдыңдагандарына карабастан, машина айдаганды билген заманбап айымдарга суктанышат. Ал эми кээ бирлери машина айдап гана эмес, ошол машинага аяр мамиле жасап тыкан алып жүргөндөрдү чын дилинен жактырышат.

4. Болгон бар нерселерге ыраазы болгонду

Эркектерге баардык нерселерди чын дилинен жасаган айымдарды баалашат. Менде ал жок, менде бул жок деп наалыганды токтотуңуз да, бар нерсеге каниет кылыңыз.  Бакыт бул өзгөчө сулуулукта, байлыкта же болбосо кыйын кызмат ордунда эмес, бакыт кайталангыс жана өзгөчө экендигиңди баалап сезүүдө.

5. Тамакка каниеттенүүнү билгенди

Албетте аялзаты өзүнүн тамактануусун көзөмөлдөп, сымбаттуу болуп туруусу абзел. Бирок романтикалык тамактанууда ал эле, бул эле, майлуу деп тандоо бул жаман сапат. Эркектерге анда санда аны менен чогу кафе, ресторандарга барып тамактарды мактап, анын зыян жактарын санабай коштогонду жактырышат.

6. Тамакты даамдуу жасаганды

Эркектердин жүрөгүнө жетүү ашказандан башталат деп илгертеден бери айтылган чындык кеп. Албетте бул жалгыз эле курсак  менен чектелбейт, бирок ушуну да унутпай эстеп жүрүү керек. Эркектерге даамдуу тамак, жана да алар үчүн чын дилинен аракет кылып жасаган айымдар жагат.

7. Нукуралыкты

Азыркы заманда көптөгөн кыздар сулуулук салондордон өздөрүнүн кебетесин жасалма түрдө өзгөртүшөт. Бирок эркектерге мындай кыздар албетте жакканы менен өмүрлүк жубай катары жактырышпайт. Албетте, кыздар өздөрүн караш керек бирок чектен ашпай. Эркектерге жасалма эмес нукуралык жагат.

8. Оор басырыктуу, жеӊил ойлуулукка алдырбаганды

Өзүнүн сүйүктүүсү аны менен ою бир чыгып, эки жакты тең капа кылбагандай жыйынтыкка келгени ар бир эркекке эле жагымдуу болот. Жыйынтыгында физикалык сапатына караганда адамгерчилик биринчи орунга чыгаарын унутпаӊыз. Бири-бирин колдобосо, бир калыпта тең чечим кабыл алып турушпаса, анда сүйүшкөндөр бир аз убакытта эле ажырашып кетишет.

9. Камкордукту

Көптөгөн эркектерге аны сүйөм деп кайра кайра кайталагандын ордуна, ага кам көрүп өзүнүн жакшылыгын арнап турган жагат. Аларга аябай маанилүү өзү гана болгусу келет. Чыныгы камкордук ага далил боло алат. Ал ооруп же чарчап калса, жардам бергенге аракет кылыңыз, күтүлбөгөн жагымдуу нерселерди арнап, анын көйгөйлүү маселелери болсо кунт коюп угууну унутпаңыз. Сиз сезимиңизди сөз менен эмес, мамиле, кыймыл аракетиңиз аркылуу көрсөтʏңʏз. Эркектер аны баалашат.

10. Тамашакөйлүктү

Көпчүлүк эркектер тамашаны жакшы көрүшөт, ошону менен бирге тамашаны да көтөрө билʏʏнʏ баалашат. Айрыкча чогуу турмуш курууда тамашасыз жашоонун кызыгы да жок болуп калат. Тамаша аркылуу талаш тартыш болгон маселелерди чечип койсо да болот. Ошондуктан өзүңүздү тамашакөйлүккө тарбиялаӊыз.

11. Өзүн алып жүрүүнү

Көпкө боёносуӊ, боёнууга көптөгөн каражат жумшайсыӊ деп ар кандай каршылык сөздөрдү айткандары менен, эркектерге айымынын сулуу, көрктүү болуп тууруусу абзел. Бул дагы сиздин ага жагууңузду арттырат да, сиз ага болгон күч аркет жумшайсыз. Ошону менен бирге эле сиз анын да кебетесине көӊʏл буруп турууӊузду да баалашат.

12. Чыдамкайлыкты

Айымдардын эӊ жакшы сапаттарынын бири чыдамкайлык. Аялдар канчалык назик болуп, эркетердин жардамдарына муктаж болушса да, чыдамкайлык керек. Бирок оор кырдаалдарда эркектин жардамысыз болбошун ал сезип туруусу зарыл. Эркектер назик аялдын артында чыдамдуу, күч кубаттуу айым бар экенин сезип турушсун.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.