Эркектер аялда болгон бул 5 нерсени эң жийиркеничтүү деп эсептешет

Эгер жан шеригиңизди табууга аракет кылсаңыз, анда сырткы келбетиңизге чоң көңүл бурушуңуз керек. Менин оюмча, бул эч кимге жашыруун эмес. Бирок эң негизгиси деталдарга көз салуу керек.

Эркектер, белгилүү болгондой, аларга көңүл бурушат.

Дүйнө калкынын күчтүү жарымы эмнени аялдардын образында эң жийиркеничтүү деп эсептешет?

 

1. Кир ич кийим. Ич кийимиңиз дайым таза экенине көңүл буруңуз. Өтө кымбат баалуу комплектерди кийип анын башын айландырам деген таптакыр туура эмес. Ич кийим кымат баалуу эмес, таза болушу керек. Ишенип коюңуз, бул эркектер үчүн өтө маанилүү.

2. Эски колготки же байпак. Эски деген сөз шайы кеткен дегенди билдирет. Эгер эркек сиздин колготкиңизде бир-эки шишкени байкабай калат деп ойлосоңуз, анда сиз жаңылышасыз. Алар аны сөзсүз байкашат дана андан бактылуу болуп калышпайт. Шымдын астына жыртык же стрелка кеткен колготки кийүү деле туура эмес. Өзүңүздү шалаакы катары көрсөтпөңүз.

3. Шайы кеткен фурнитура. Араң кармаган топчу, бекилбеген сыдырма, кара тартып калган бюстгальтердин лямкалары, эскилиги жеткен кнопкалар - мунун бардыгы кийимдердин эски экендигин көрсөтөт. Мындай кийимдердин таасири, мындайча айтканда, анчалык жакшы таасир бербейт.

4. Каралбаган бут кийим. Бул балким эң негизги нерсе. Кыйшык такалар, чийиктер, сызыктар жана чаң - мунун бардыгы заматта эркектердин көзүнө илинет. Эгер сиз кир бут кийим кийип алсаңыз, эң саркеч көйнөк жана мех кийими да заматта сырткы көрүнүшүн жоготот. Муну көзөмөлгө алыңыз.

5. Размери туура эмес кийим. Өтө чоң шым, ал дайым шалпайып турат же өтө эле кичинекей куртка сизди сымбаттуу кылбайт. Кийим фигурага туура келиши керек жана бул факт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.