Эркек сизди жактырбайт! Эмне үчүн? Анын 8 себеби бар!

“Сен мени сүйөсүңбү” – деген илгертен бери келе жаткан суроону азыркы күндө да аялдар өз мырзаларына берип келет. Албетте “Ооба” деген жооп угушат. А Бирок эмнеге эркектер башкалар менен жүрүп кетет, айлыгынын баарын досторуна коротуп, же ичип кетишет?

Эркек сизди сүйбөстүгүн бул 8 нерседен улам билсе  болот:

 

 

1. Эркекке баары бир сиз түндө көчөдө жалгыз каласызбы, же суукта жука кийинип кеттиңизби. Сизге кам көрүп сиз жөнүндө ойлонбойт. Сиз ооруп кыйналган учурда сурап да койбосо анда ал адамда сизге болгон эч кандай сезим жок.

2. Сиздин проблемаңыз аны ойлондурбайт. Сиздин апаңыз ооруп калса же мышыгыңыз өлүп калса ал сиз менен кошо кайгырбайт. Бирок өзүнө тиешелүү болгон мааниси жок нерселерге деле ойлонуп жинденип чыгат.

 

3. Сиз ачкасызбы токсузбу анын иши эмес. Ал өзүнүн курсагын гана ойлойт. Сиз акыркы жолу качан тамактандыңыз кызыгып да койбойт. Тамак учурунда да өзү тойсо болду кеттик деп шаштырып баштайт.

4. Сиз ыйлап жатсаңыз эч нерсе дебейт. Сизде кайгы болуп ыйлап кайгыга батып отурган учурда жигитиңиз эч үндөбөйт. Сооротуп коймок түгүл болду токтот деп да койбойт, өзүнүн телефонун чукулап же телевизор көрүп отура берет.

 

5. Сизди коргобойт. Сиз кошунаңыз менен урушуп жатасызбы же көчөдө мас сөгүп жатабы анын иши жок. Сиз ал коргогусу келген аял эмессиз.

6. Сизге жардам бербейт. Сиздин акчаңыз жок болуп жатканын көрүп туруп ал сизге акча берип турайын дебейт. Сизге кандайдыр бир жардам керек болуп турганын билип туруп жардам керекпи деп сурап да койбойт. Жадагалса сиздин оор көтөрүп баратканыңызды көрүп турса да көрмөксөн болуп койот.

7. Сизди эч кимден, эч нерседен кызганбайт. Башка эркектерге дагы, жумуштагы кесиптештерге дагы, социалдык түйүндөргө дагы эч бир нерсеге кызганып койбойт. Сиз ал жок кандай жашап жатасыз, ким менен сүйлөшүп жатасыз сурап да койбойт. Анткени ага баары бир, ал сизди сүйбөйт, жактырбайт дагы.

 

8. Биринчи болуп чалбайт да жазбайт дагы. Өзүңүз жолугалы деп чакырбасаңыз биринчи болуп айтпайт. Сиз бир нече күнгө дайынсыз болуп кетсеңиз дагы издеп, сурап кызыгып койбойт.

Эгерде жигитиңизден ушул нерселерди байкасаңыз дароо токтотуңуз дагы башка жашоо баштаңыз. Ансыз дагы жашоо кыска.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.