Эркек менен аялдын ортосунда достук болобу? Болот. Кандай учурда?

Бала чакта кандай болбосун достуктун түрлөрү көп болот. Кызбы балабы бойго жете баштаганда кыз жигиттин ортосундагы достук алыстап, азая баштайт. Канчалык достук болбосун кыз же бала бирин-бири жактырып сезимдер пайда болуп достук аяктайт.

 

 

20 жашка чейинки жаштар арасында кыз менен балдардын достошкондорун көп эле кезиктирсе болот. Ойлонуп көрүңүзчү сиз таанып билген улуу курактагы аял эркек достор барбы? Үй-бүлөлүү адамдардын арасында эркек аял достугу жамандыктан башка эч нерсеге алып келебейт дешет.

 

 

Аял менен эркек достошо алат. Кандай учурда?

Мындай учурлар өтө сейрек кездешет. Эгер эркекте аял затына эч кандай кызыгуусу жок болсо, же тескерисинче аялды эркектер кызыктырбаса! Мындай достук чындыгында башкалардыкына караганда өтө бекем болот дешет.

 

 

 
Достуктан сүйүүгө

Дос болуп жүрүп чоң сүйүүгө айланган окуяларды көп эле билсеңиз керек. Бекем сүйүүнүн көпчүлүгү достуктан келип чыгат. Же сүйүүсүнө жетпей калып “жок дегенде дайым көрүп туруу үчүн дос бололу” деп ар кандай кадамдарга баргандар да көп. Арабызда болгон ушундай бир окуяны айтып өтпөсөк болбойт. Жигит бир кызды катуу сүйүп жүрүп эрки жетпегендиктен ага сүйүүсүн билдире албай колунан учуруп жиберет да убакыттан өтүшү менен ал кыз башкага турмушка чыгып кетет. Жигит жылдар өтсө да аны унута албай кыздын артынан жүрүп анын сиңдиси менен таанышып калат. Аны менен тез эле жакшы мамиледе болуп үйлөнүп алат. Ошентип сүйгөн кызы анын кайнежесине айланат. Өз аялына эч кандай сезим болбосо да анын эжесин, мурдагы сүйүүсүн көрүп жүрүш үчүн мындай жашоого макул болуп жашап келет. Дагы да жашап келет..

 

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.